Парламенттик шайлоого карата “Элдик көзөмөл” коомдук кыймылынын лидери Кубанычбек Исабеков Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын маалымат жыйынында айтып чыкты.
“Мисалга шайлоо босогосун карап көрөлү, азыр 7 пайыз болду, мурда 5 пайыз кылуу да сунушталган. Андан ары шайлоо күрөөсү да талкууланып, 5 миллион сомду бир миллионго түшүрүү да айтылды. Бул өзгөрүүлөрдү коомчулук каалады, анткени парламенттин жаңырышына өбөлгө болот”, - деди Исабеков.
Ошондой эле ал өлкөнүн акыбалын жакшыртуучу, жашоону жакшы нукка буруучу өзгөртүүлөрдү Конституцияга киргизүү зарылдыгына токтолду.
“Жогорку Кеңешти мажоритардык шайлоо системасына кайтаруу керек. Азыркы өкмөттү отставкага кетирип, эл ишениминдеги адамдардан куралган натыйжалуу өкмөттү кураш керек, алар өз кезегинде сапаттуу шайлоо өткөрүү милдетин алышы шарт. Биз өзүбүздүн конструктивдүү оппозиция тууралуу расмий жарыялайбыз жана программаны кырдаалдын өнүгүшүнө киргизүүнү сунуштайбыз”, - деп лидер максатын түшүндүрдү.
Ал белгилегендей, Темир Сариев, Адахан Мадумаров сыяктуу бир катар саясатчылар менен жолугушуп, сунушун талкуулаган, алардын арасында ар кайсы аймактардын жергиликтүү депутаттары да бар. Исабеков саясатчы катары саясий жашоого жигердүү катышаарын, өлкөдө болуп жаткан кырдаалга көз жумуп кое албастыгын да кошумчалады.
“Азыркы чакырылыш үчүн уялам. Эки ооз сөздү кошо албагандык маскаралык. Мен кайрадан Улукбек Ормонов, Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулаймановдор менен иштешким келет”, - деген Кубанычбек Исабеков кыялын жашырбады.