“Саясий куугунтукка каршы Комитет” кыймылы каршылык акцияларына алдын ала даярдалган атайын топтун мүчөлөрүн чакырууну токтотууну сунуштады. Комитеттин жетекчиси Адил Турдукулов тийиштүү арыз жолдоду.
“Кыргызстанда бийликтин позициясына ылайык келбеген жарандык жүрүш, митинг жана башка иш чараларды өткөрүүдө башаламандык, түшүнбөстүк жаратуу максатында атайын топтогу адамдарды колдонуунун булганыч ыкмасы бекиди. Элде бул топтогу адамдарга “ОБОН” деген ат берилген. Мындай практика өлкө жарандарын бири бирине каршы тукуруп, коомчулуктагы бөлүнүүнү пайда кылат. Так ушундай аракеттер Кыргызстанда 2005 жана 2010-жылдардагы окуяларга алып келген”, - деп белгилеген Турдукулов.
Анын пикиринде, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы кайгылуу окуяларга карабай мындай ыкмаларды колдонуудан баш тартуу болбой жатат. Мындан улам комитет “ОБОНчуларды” такыр эле “ишсиз” калтырууну талап кылган.