Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында бүгүн да Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат. Учурда ал жерге 15тен ашуун адам топтолгон. Колдорунда көтөргөн плакаттары бар. Анда: “Атамбаев канкор”, “Журналисты вы забыли иски и безпредел А. Атамбаева?”, “Атамбаев – репрессиянын атасы”, “Атамбаев өлтүргүч камалсын” ж.б. жазуулар жазылган.

“Мурдагы президент мамлекет башында отурган учурунда жасаган кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек”, - дешүүдө митингчилер.

Эске салсак, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу, Кой-Таштагы өткөн жылдын 7-8-августунда болгон окуя үчүн айыпталып жатат. Кезектеги сот отуруму бүгүн болууда.