Йе, жолуң болгур, саясатчылар)))) Жеке мен кайсы саясый күчтөрдүн катарында кыз-келиндер көбүрөк болсо, ошол альянска добушумду берем! А силердин катарыңарда сулуу кыз-келиндер азыраак экен азырынча... Эркектер шагырайт ко, чиркин))) Баягы эле стереотип!!! Аялзатын алдыга чыгарбаган коомдо өнүгүү болбойт! Биз - эркектер, качанкыга чейин сороюп алдыга чыга беребиз... Кайсы партия болбосун, шагыраган эле эркектер, ой-бой о-ой! Ушул жолу №1 тизмеге ырымга болсо да АЯЛЗАТЫН чыгаргылачы, анчалык эле демократия баалуулугу деп какшанганыңар чын болсо! Ошондо жамы журтка күнүгө чакырык салып турам, "атамекенчилерге" добуш берели деп. Азырынча бул түрүңөр менен анча жакпадыңар, тилектештер)))) Аялзаттын орду бала төрөп, кухняда тегеренип, эркектердин эле жакасын агартуу эмес, алар саясаттын алдыңкы сабына чыкканда гана Мамлекетибизде чоң өзгөрүү болот!

 

Олжобай Шакир, публицист, журналист