Алдыдагы парламенттик шайлоого карата дагы бир даярдык жүз берди. Бул сапар учурда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан парламентте депутат болуп отурган Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” партиясына лидер болгону айтылды.

Маалыматтарга караганда, аталган партиянын саясий кеңеши жашыруун жолугушуу өткөрүп, лидерин дайындаган. Белгилей кетсек, чечүүчү ролду учурдагы депутаттар Таабалды Тиллаев, Марлен Абдырахманов, Бактыбек Райымкулов жана Каныбек Иманалиев ойногон.

 Эске салсак, документ боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жетекчиси болуп Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Ильичбек Эргешов эсептелинет.