“Ата Мекен”, “Ак Шумкар”, “Жаңы дем” партияларынын “Ата Мекендин” желегинин алдында  бир багытка жол алганы  шайлоо алдындагы алгачкы биригүүлөрдөн болду. Бул боюнча биз “Ата Журт” партиясынын төрагасы, саясатчы Камчыбек Ташиевдин пикирин сурадык. Саясатчы учурда тоодо жүргөн экен, телефон аркылуу байланышып, кыска маекке макул кылдык.

-Камчыбек Кыдыршаевич, бир катар партиялардын бир желектин алдына топтолгону тууралуу кабарыңыз болсо керек. Жаңы биригүүгө көз карашыңыз кандай?

-Эң жакшы. Биригүү, бир максатка умтулуу жана аракет колдоого алаарлык.

-Шайлоого карата кайсы бир тарап менен биригүүнү сиз дагы ойлондуңузбу?

- Биз биригүү процессинен мурда эле өткөнбүз. Эми ошол аракеттибизди, элдин мүдөөсүн ишке ашырып алсак деген ниеттебиз.

- Парламенттик шайлоого барууга оюңуз барбы?

- Эл колдосо барам. А эгерде шайлоочулардын колдоосуна жана жеңип чыгаарыма көзүм жетпесе барбайм. Эл колдогондор шайланышы керек.

- Бирок даярданганыңыз байкалбайт го?

- Мен үчүн даярдык – элдин ишеничи. Акча же бийлик эмес.