Дастан Жумабеков спикер болоордун алдында ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге “мен сиздин кылмыштарыңызды жашыра албайм” деп эскерткен. Бул тууралуу спикер “5-каналга” берген маегинде айтты.
Ал парламент жамааттык мекеме экенин, андыктан бардык маселе добуш берүү аркылуу чечилээрин эске салган.
“Спикер болгонума үч жыл болду. Учурдагы парламент өтө чоң иштерди аткарды деп айта алам. 28 жыл бою чечилбей келген социалдык маселелерди чече алдык. Кыязы, тарыхта калсак керек. Сооронбай Шарипович президент болгондон кийин коррупция менен күрөшөм деди. Бул парламент үчүн да мотивация болду. Бүгүнкү күнү мурдагы министрлер, мурдагы мэрлер жана мурдагы депутаттар соттолуп жатат” , - деди Жумабеков.
Андан ары спикер экс-президенттердин статусу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизишкенин сыймыктануу менен айтты.
“Мурда алты жыл президент болуп иштеп койгон адам дароо экс-президент статусун алып, кылган кылмыштары дароо унутулуп калчу. Ал кой тийгиз укукка ээ болчу. Биз аны өзгөрттүк, эми мурдагы президенттерди мөөнөтү бүткөндүн эртеси суракка чакырса болот, эгер бийликте турганда мамлекетке зыян келтирген болсо. 6-чакырылыштын депутаттары президент эмне деп ойлойт дебей, эч кимден коркпой ушундай мыйзам кабыл алышты”, - деген спикер.
Акырында азыркы чакырылыш менен сыймыктанаарын да жашырган эмес.