Бул тууралуу Бек Борбиев Фейсбук социалдык тармагына өзүнүн жеке оюн жазып чыккан.
"Урматтуу шайлоочулар, келе жаткан шайлоо келечекти чечүүчүшайлоо. Мурдагы, өлкөнү тоногон, кылмыштуу мыйзамдары менен мамлекетти сазга батырган депутаттардан арылалы. Ушул парламенттин, дегеле мурдагы экс депутаттарды жолотпогула. (анткени, жаңы парламентке 70,80 пайыз мурдагылар келгени турат). 2, 3 же 4 созывтын депутаты болуп келатам дегендерди таптакыр кубалаш керек. Ошолордун айынан өлкө белчесине чейин карызга батты , мүңкүрөдү.
Түшүнөм, бирөөсү бирөөнө тууган, жердеш же дос, балким сиздин начальнигиңиз. Же кээде өлдүр чөлдүр сүйлөп койгону жагышы мүмкүн, ага карабаш керек. Эгерде, дагы деле биз адаттагыдай шайлоо өткөрсөк, бизге дагы деле жетелек болот. Анда сооп, чала болот
Өкмөткө же Президентке Саясий эрк керек деп калабыз, а бул жолу элге, шайлоочуга саясий эрк керек болуп калды. Кооз сөзгө, акчага, убадага, айылга салып берген көпүрөгө, жолго алданбагыла. Эгер эл үчүн күйгөн азаматтар болсо жерине, уруусуна, керек болсо улутуна карабай шайлагыла. Жетишет, өзгө болгуча өзүбүздүн бала болсун дей берип итке минип калдык
Көздү ачып, жүрөктү ачып, туура тандоо кыла турган кезге жеттик
Азыртадан ойлон замандаш", - деп жазды.