Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин жыйынында кесиптештерин Парламентаризм күнү менен куттуктады.
- 82 жылдан бери эл өкүлдөрү кыргыз элине жана мекенине кызымат кылып келе жатышат, - деди төрага. - Биз элдин колдоосу менен VI чакырылышка келдик. Учурда парламентте 6 фракция бар. Элдин колдоосуна ээ болуп, фракциянын бир бөлүгү болуу оңой эмес. Бул өзгөчө күн. Парламентте саясат талкууланат. Мыйзам чыгаруу деңгээлинде адамдардын тагдыры жана өлкөнүн келечеги чечилет. 5 жылдын ичинде көп эмгек жасадыңар десем жаңылышпайм. Биз элге абдан маанилүү мыйзамдарды кабыл алдык. VI чакырылыш аткарган иш, балким элге байкалбай жаткандыр.
Төрага коомчулук эл өкүлдөрүнүн ишин баалаган күн келерине ишенимин билдирди.
- Ошондо биз жасаган эмгекти баалашат, - деп сөзүн улантты Жумабеков. - Биздин ишибиздин кемчиликтерин дайыма сөз кылышат. Биз аларды танып жаткан жокпуз да. Бардык мүчүлүштүктөрдү оңдогонго аракет кылып келебиз. Муну менен бирге биз айрым маселелерде ийгиликтерге жетише алдык. Кийинки чакырылыштар дагы элдин жыргалчылыгы үчүн гага иштейт деп айткым келет.
Булак: vesti.kg