Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин кароосуна "Коррупция" беренеси менен шектелгендерди жана соттолгондорду, чет өлкөлүк банктарда жашыруун эсептери барларды жана алардын жакындарын, балдарын президенттик жана парламенттик шайлоого катышууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат.
"Албетте, бул мыйзам долбооруна каршы чыкчулар да табылат. Алар мындай кылуу менен адам укугун тебелейбиз, атасы үчүн баласы жооп бербейт ж.б. негиздерди келтирүүлөрү мүмкүн. Бирок бир адамдын укугу, кызыкчылыгы десек мамлекетти көтөрө албайбыз. Биз үчүн башкы нерсе мамлекеттик укугу, кызыкчылыгы болушу зарыл", - деди Тазабек Икрамов.
Ал мыйзам долбоорду артында калбыры жок, колу таза депутаттар колдоп жатканын белгиледи. Пикиринде долбоор жалпы депутаттардан колдоо таап, өтүп кетсе буга чейин мамлекетке эбегейсиз зыян келтирип, эл мүлкүн мойсогондордун кайрадан олуттуу кызматтарга келишине тоскоолдук жаралмак. А бул менен өлкөнү алкымы эзели тойбостордон сактоого мүмкүн.
"Менин демилгемди эл колдоп жатат. Коомчулукта туура пикирлер арбын. Анткени билишет, саналуу адамдардын, коррупционерлердин айынан элибиз учурда ар кайсы өлкөдө мигрант болуп жүрүүгө аргасыз болуп жатканын. Өлкөдө жумушсуздук күч, эл байлыгы тонолуп, жоголду. Ким үчүн? Албетте аз сандагы коррупционерлер бүтүндөй мамлекетти бөлүп-жарып, өз чөнтөгүнө солоп алганы үчүн. Эми биздин милдет - мындай адамдарды кайрадан бийлик бутагына жакындатпоо", - деп белгиледи депутат.