Иса Өмүркулов учурда талаш маселеге айланган шайлоо күрөөсүнүн ылдыйлабай, 5 миллион сом бойдон калышын туура деп эсептейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, комитетте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралды.

КСДП фракциясынын лидеринин пикиринде, парламентаризмди өнүктүрүү үчүн кандайдыр чектөө болушу зарыл.

«Эгерде биз шайлоонун босоголук чегин да, күрөөнүн өлчөмүн да азайтып салсак, анда 30-40 партия шайлоого катышат. Шайлоого партиялар көп катышса, эмне болорун жакшы билесиздер. Саясий күчтөр биригишип, ирилешине шарт түзүп беришибиз керек. Саясий партиялар идеологиянын негизинде бириксе, 3-4 эле идеологиялык багыт бар. Бирок биз тилекке каршы, жеке инсандардын тегерегине чогулуп атпайбызбы. Бардык партияларда ушундай көрүнүш. Ошон үчүн 5 миллион сом суммадагы күрөө калышы керек. Бул акча мамлекеттин казынасына кетет. Ишенгендер шайлоого катышсын», - деди И. Өмүркулов.