25-июндан 6-июлга чейин президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы мезгилдин башталышын жарыялап, 4-октябрды добуш берүү күнү деп белгилеген жарлык чыгарышы керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев жазып чыкты.
“Партиялар шайлоо алдындагы кампания менен активдүү алектенет, а жарандар өлкөнүн жакынкы беш жылдагы келечегин аныктоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Ооба, коронавирустук инфекциянын жайылыш тобокелчилиги бар”, - дейт депутат.
Айтымында үгүт иштери адаттагыдай шайлоочулар менен жолугушуу, эшиктен эшикке чейин үгүттөө аркылуу жүргүзүлө турган болсо, анда өкмөттүн коронавирус менен күрөшүүсүнүн акыбети кайтпайт.
“Илдеттин массалык жугуусу пайда болсо коомчулукта бизди эмнеге март, апрель айларында үйлөрүбүзгө камашты деген акыйкат суроо жаралышы мүмкүн. Депутатка талапкерлердин бири, саясий партиялардын өкүлдөрү илдет жуктуруп алса өкмөт аны карантинге алууга акылуу, а бул бийликке болгон ишенимсиздикти жаратат: коронавирусту шылтоо кылып бийлик партиялардын активдүү мүчөлөрүнө бут тосуп жатышат деп башташат. Эпидемиологдор коронавирустун экинчи толкунунун жаралуу коркунучу бардыгын айтышууда”, - деп жазды Дастан Бекешев.
Андан ары депутат илдеттин жайылыш тобокелчилигин эске алуу менен парламенттик шайлоо боюнча зарыл чечимдерди тез арада кабыл алуу керектигин белгиледи. Айтымында маселени чечүүнүн варианттарынын бири – парламенттик шайлоону жылдыруу. Бирок эл өкүлү мындай кылуу коомчулукта дагы да күмөн ойду жаратаарын, бул сапар бийликти узурпациялоо тууралуу сөз болоорун, 6-чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарын мыйзамсыз узартып алышты деп айтышаарын эскерткен. Ошондой эле Бекешевдин көз карашында, шайлоону артка жылдыруу кийинки чакырылыштын мөөнөтү боюнча кайчы пикирлерди жаратат.
Депутат өз көз карашынан алганда, түшүнүксүз суроолорду жаратпаган, маселени оңдуу чечкен вариантты сунуштаган. Ал – парламенттик шайлоону жаңы форматта өткөрүү.
“Бул формат баарын: чакан партиядан олигархдардын партиясына чейин канааттандырат. Мен шайлоочулар менен ар кандай жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салууну сунуштайм, үгүт иштерин да массалык маалымат каражаттары жана соцтармактар аркылуу гана жүргүзүү керек. Партиялардын съездин же онлайн –режимде, же санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүү шарт. Шайлоочулар шайлоочулар тизмесин интернет тармагы аркылуу текшергендей болсун. Добуш берүү социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлсүн жана бул үчүн шайлоо комиссияларынын аймагын шайлоочулар бири биринен жарым метрдей аралыкта тураарын эсепке алуу менен белгилөө туура. Добуш берүү күнү шайлоочу шайлоо аймагына маскачан келип, ар бир шайлоочудан кийин калемсаптар дезинфекциялансын. Чет өлкөдөгү мекемелерибизге шайлоо өткөрүүнү токтотуу керек, эгер бул ошол өлкөнүн карантиндик режимине туура келбесе”, - деген депутат.
Ошондой эле депутат 6-чакырылыштын алдыда болгону 8 жыйыны калганын жана бул шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө өтө аз мөөнөт экенин белгилеген.