-Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлор жаралып жатканына күбө боло албай жатабыз. Учурда конкреттүү долбоорлордун жоктугу сизди түйшөлдүрөбү?
-2020-жылдан кийин жаңы парламент, жаңы өкмөт келип баштап жибербесе, бүгүнкү күндө улуттук деңгээлдеги чоң долбоорлордун жоктугу чын. Азыр баары ой жүзүндө болуп жатат. Менин баамымда Кыргызстанда ой талаш. Өзүн Американын президентинин ордунда көргөндөр мындан, “мени мэр кылышса тоону томкоруп жибермекмин” дегендер андан көп. Ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу, кантип аны менен талашабыз? Мен студенттериме, жардамчыларыма дайым айтам: ой – тажрыйба же тарых менен тастыкталышы керек деп. Аны турмушка ашырыш үчүн адам, каржы ресурсу зарыл. Бул маселелердин баары чечилип, кайсы убакытта ишке ашыруу белгиленип, дата коюлгандан кийин ал планга айланат. Мына ошондон соң гана ал ойдун тегерегинде талашып-тартышууга болот. А биз эч нерсе боло электе эле жылаңач ойду талкуулаганга машпыз. Кудай буйруса 2040-жылы кыргыздар жакшы жашайт деп коебуз, а аны шарттоочу конкреттүү пландар жок. 1985-жылы Кыргызстандын ИДПсы ар бир жарандын керектөө жөндөмү менен эсептегенде киши башына 3 миң долларга айланган. 4 миң доллардан ашса биз өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулмакпыз. Бирок өнүгүүгө бир кадам калганда СССР тарап кетти. Ал эми учурда ошол эле көрсөткүч киши башына 1400 долларга түштү. Өнүккөн өлкөгө айлануу үчүн 4-5 миң доллардан ашыруубуз керек. Бул тууралуу конкреттүү сандарды эч ким айтпайт. Кечээгиге караганда бүгүн, бүгүнкүгө караганда эртең жакшы жашайбыз деп жатабыз. Ошол эле учурда жакшы жашоо үчүн ИДПны киши башына 4 миң долларга жеткирүүгө 2020-жылы кандай иштерди жасоо керек, 2030-2040-жылдарга кандай пландарды түзүү керек белгисиз. Так айтып, түз тапшырма койгон адам жок. ИДП азыр 8 миллиард доллардын тегерегинде болсо, аны 3 эсеге жогорулатып, 24 миллиардга жеткирүү керек. 2040-жылга 24 миллиард долларга жеткирүүнү так максат кылып, ошого умтулуп, жылдан жылга азайтып бүгүнкү учурга келтирип койсок, план түзүлүп калмак. А бизде план эмес, ой талашкан эле адамдар. Өкмөт, парламент мүчөлөрү да, карапайым жарандардын да талашканы ой. Мисалы, Ат-Башыга логистикалык борбор курулат деген маселе боюнча 2 миңдей адам чогулуп каршылык билдирди. Аларга жолугууга барган 20дай аткаминер элге ынанымдуу эч нерсе айта алышпады. Мына бул жерде канализация болот, суу бул жерден, ал эми электр энергия бул жерден алынат, мына долбоор, мына макет деп курула турчу борбордун үтүр-чекитине чейин түшүндүрүүлөрү керек эле. Ынанымдуу нерсеге эл да макул болот. Ат-Башыда таштанды иштетүүчү завод жок эле, элге, жерге керектүү нерсе экен деген түшүнүк калыптанат. Жасала турчу ишти ийне-жибине чейин жиликтеп бере алышпаса эл каршы болоору бышык. Кыскасы кыргыздын да, кыргыз экономикасынын да багы ачылбай, жалаң гана ой талашкан эл болуп баратабыз...
-Логистикалык борбор тууралуу айтып калдыңыз, бул маселеде кайчы пикирлер көп. Борбордун курулбай калганына кубангандар да, күйүнгөндөр да кездешүүдө. Сиз кайсынысына кошуласыз?
-Борбор тилекке каршы курулбай калды. Бирок ЕАЭБге киргенден кийин Кытай менен соода-сатык мамилебизди мындан ары да өстүрөбүз, соода-сатык жүргүзөбүз десек мурункудай “Дордой” же “Кара-Суу” базарлары иштебейт. Чек аранын жанына логистикалык борборлор курулушу шарт. Кытайга кете турган товарлар ошол борборлордо ЕАЭБдин шарттарына жараша иштелип чыгып, сертификаттар алынып, андан ары жөнөтүлөт. Кытайдан бизге кирчү товарлар да ошол жерден иштелет, этикеткасы кыргыз же орус тилдерине которулат, таңгагы алмаштырылат. Мындай борбор курмайын Кытай менен катышыбызды жакшырта албайбыз. Мына, коронавирустан улам чек араны жабууга аргасыз болдук. Анын кесепетинен бажыдан бюджетке 2,5 миллиард сом аз которулду. Соода-сатык болбосо, салык түшпөсө пенсия, жөлөкпулдарды ким төлөйт? Бизде ИДПнын 50 пайыздайы соода-сатык жана тейлөөдөн көз каранды. Башкача айтканда Кытайга байланган.
-Кытай менен чек ара жабылып калганда биздин кыймыл ал өлкө менен байланыштуу экени байкала түштү. Андан башка булактарды пайда кылууга болобу?
-Биз учурда Кытай менен жашап жатабыз, аны баарыбыз билебиз. Эт менен мактанабыз, бирок өлкө керектеген эт азыктарынын басымдуу бөлүгүн да так ошол коңшу мамлекеттен алабыз. Чек ара жабылгандан бери эттин баасы көтөрүлгөнүн көрүп атасыздар. Жакында Сауд Арабияга умрага барып келдим, ал жерде деңиз жайгашкан. Мамлекет деңиз менен көтөрүлдү, андан алынган байлыктары менен бутуна турду. Биз үчүн деңиз - Кытай. Мамиле-катышыбызды жакшыртып, деңизди өз пайдабызга оодара алсак – утканыбыз ошол. Бирок келген конок кайра кетиши керек. Биздин элде келгендер кайра кетеби деген кооптонуу бар, ар кандай алака-катышка каршы чыгышканы да ошондон. Элдин кооптонуусун жоюунун жолдорун иштеп чыгуу зарыл, кыргызда “конок койдон жоош” деген макал бар. Конок болуп келдиңби кыялыңды көрсөтпөй, берген тамакты жеп, сыйга ээ бол да кетип кал. Инвестор конок катары келип кубантыш керек, анан кайра кетип кубантыш керек. Азыр маалыматтык технологиянын заманы, Кытайдан келген жарандардын колуна саат тагалы. Солтон-Сарыда жалаң кытайлар иштейт деген жергиликтүү элде нааразычылык башталгандан кийин гана барып текшерип, ишкананы жаап салгандай болбой, ар бир маселенин алдын алуубуз керек. Башка өлкөлүктөр кайсы бир ишкана ачыштыбы, талап – кыргызстандыктарды жумушка алуу, ишканада 300 киши иштейби, мына сага 300 саат. Ошол саат аркылуу канча кыргызстандык, канча кытай иштеп жатканын, кытайлыктардын кимиси качан келди жана качан кетет – баарын Бишкектен көрүп тургудай кылууга эмнеге болбосун. Келген коноктун кетээри анык болсо элдин санаасы тынч болот. Азыркыдай каршылык, нааразычылык жаралбайт, анткени өз жери үчүн көңүлү тынч, инвестор келдиби, иштейт, өз пайдасын табат, мамлекетке киреше киргизет – анан кетет. Биз ушул механизмди 30 жылдан бери дараметибиз жетпей жасай албай жатабыз. Менин да күчүм жетпей калды, ал турмак койго паспорт бердирте албай келатканыма да 15 жыл болду.
-Инвесторлор боюнча айтып жаткандарыңызды жогорку жакка жеткирдиңиз беле?
-Инвесторлордун келип-кетишин тескеген сунуштама, программаны жазып, тийиштүү кызматтарга бергенбиз. “Бир болдун” программасында 2015-жылдан бери жүрөт. Сиздики туура, аткарабыз дешет, бирок аткарышпайт. Же өздөрү жасабайт же айтканга көнүшпөйт. Башка улутка турмушка чыккан кыргыз кыздарына санааркап, “жээндер көбөйөт” деп да айтып атпайлыбы. Мен Түркмөнстандын тажрыйбасын карап көрдүм, аларда башка улуттун жигити түркмөн кызына үйлөнөм десе мамлекетке 50 миң доллар калың төлөйт. Муну туура эмес дегендер бар, бирок бул мамлекеттин кыздарга жасаган камкордугу экен. Ал акча ошол кыздын эсебине Улуттук банкка сакталып коюлат. Кокус кийинчерээк кыз балалуу болгондон кийин ажырашып келсе, баласы менен көчөдө калбайт, мамлекет ал акчага үй алып берет, же башка керектөөсүн камсыздайт. Биз дагы ушул ыкманы колдонушубуз керек. Кытайлар биздин кыздарга баш кошууну кааласа бир батирдин баасын, 20-30 миң доллар калың бекители, ошол сумманы мамлекетке төлөсүн. Турмушта ар кандай жагдай жаралат, чет өлкөлүктүн жубайы болгон кыздарыбыз көчөдө калбагыдай болсун. Муну айтсам мурда койлорго паспорт беребиз деп чыкты эле, эми кыздарга калың деп жатат деп аны да жактырышпайт.
-Койго паспорт берүү керек деген демилгеңиз убагында катуу сынга кабылды эле. Бирок жыл өткөн сайын ал эң туура сунуш болгону элге жете баштады.
-Түшүндү, бирок эмдигиче бере албай жатышпайбы. Этти сыртка чыгармайынча баа болбойт. Сауд Арабияда бир кг эт 15-18 доллар экен. А кыргыз азыр бир койду 100 долларга сатат. Бир койду сырт жакка 500-600 долларга сатса ошондо байыйбыз деп айтып келатам. Ал үчүн суу таза, чөп таза деген сертификат алып, койду паспорт менен камсыздашыбыз керек. Алакандай төрт-беш тастыктама колубузда болсо биздин эт нукура табигый азык экенин далилдей алабыз. Кытайдан бизге эт кирет, а бизден аларга чыкпайт. Андай болсо такыр эле жаап коюш керек, бизден эт экспорттолбосо, алардын импортунун да кереги жок деп. Соода-сатыкты жасоонун да жолун билүү керек эле.
-Биздеги таза этти Кытайга экспорттоп, ордуна алардын күмөндүү этин алгыча өзүбүздүкүн аларга бербей, алардыкын албай, эт менен өлкөбүздү камсыздасак болбойбу?
-Болот, бирок жол-жобосун айтсаң укпай жатышпайбы. 500 койго бир чабан жетишет десең макул эмес, 20 чакты койду айдап өзүн чабан эсептегендер көп. Илгери 500дөй колхоз-совхоз болчу, мына ошондой өлчөмдө өлкөнү толук эт менен камсыздоо мүмкүн. Азыркы абалда өзүбүздүн курсагыбызды тойгуза алабыз, ачкадан өлбөйбүз, бирок рынокко чыга албайбыз. Рынок – бул биржа. Ага ай сайын чыгып туруу керек. А бизде жайлоодон мал түшкөндө эт сатабыз дейбиз. А калган 10 айда эмне болот? Мен кой бакканды билем дегендер каалаган кочкорун, каалаган коюн алып келишет. Бир айылда эле койдун бир нече түрү бар. Аларды сыртка чыгара турган болсоң жыйырма түрүнө жыйырма башка тастыктама алууга туура керек. Чек арадагы текшерүүдө жыйырмасын өз өзүнчө бөлгүлө дейт да ошону менен андан ары өтпөйт. Малга паспорт керек дегенимдин дагы бир себеби ушунда – Кыргызстанда жок дегенде бир айылда, бир райондо бир түрдөгү малдан алынган эт жана сүт азыктары чыгышы керек. Бир рефрижератор толгондой болушу зарыл.
Булак: “Саясат. kg”
