- Азимбек Анаркулович, кандайсыз? Жайгашып алдыңызбы? Таажы тумоосуна каршы бекем турасызбы? Кыргызстанды, тууган -досторду сагынган жоксузбу?
- Рахмат. Көнүгүшүп жатам. Ден соолук жакшы. Кантип Кыргызстанды, элибизди, дос- туугандарды сагынбайсың? Албетте сагындым! Түз эле беттен алып, суроо берген кыргыз журналистерин да сагындым!
- Саясаттан алыстабайм дедиңиз эле, карантин мезгилиндеги Кыргызстандагы болуп жаткан жаңылыктарга, саясаттарга көз салып жаткандырсыз?
- Учурдан пайдаланып таажы тумоосуна байланыштуу киргизилген карантиндердин жумшартылышы жана ыйык Рамазан айынын аякталышы менен кыргыз элин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин атынан куттуктайм!
Таажы тумоосу жалпы адамзатына, бардык мамлекеттерге кылымдарда бир келүүчү катуу жана сейрек кездешчү сыноолордон болду. Үч айлап узарып бараткан карантин мезгилинде Кыргызстаныбыздын жардылыгын, бийлигибиздин бечелдигин кайра-кайра айтып, канчалык сокконубуз менен азыркы бийлигибиз дүйнөлүк масштабда салыштырмалуу, реалдуу анализдегенде, негизинен бул сыноо, тумоодон элди, мамлекетти өтө алдыңкы же өтө арткы көрсөткүчтөр менен эмес, орто заар көрсөткүчтөр менен алып өтүүдө. Эң күчтүү, эң бай деген айрым өлкөлөрдө абал биздикинен кыйла оор. Мындай ааламаттарда күчтуулук, байлык башкы ролду ойнобой, ага каршы жалпы ынтымакта болуу, элди бирдей эрежелерге бекем баш ийдирүү, дух берүү, аларды уюштура билүү маанилүү экени дагы бир жолу тастыкталды. Экинчиден, биздеги орто көрсөткүчтүк абалдын жаралышына негизинен кыргыздын канындагы жамандык жакшылыкта бириге калуучу ата- бабалардан келе жаткан каада-салтыбыздагы улуу касиет да чон роль ойноодо.
- Кыргызстанда жаңы партиялар, кыймылдар пайда болду? Жаңы идеялар, чакырыктар айтылып жатат?
- 21-кылым илим-билимдин, айрыкча эн жогорку электрондук- технологиялык, информациялык каражаттардын кылымы болгондуктан, дүйнө жүзүндө, кайсы элде, өлкөдө эмне болуп жатканын соцсеттерден угуп, окуп, анализдеп, Кыргызстандагы окуяларга да көз чаптырып турам. Азырынча эч ким “жаны велосипед ойлоп тапканы” жок, бийликти согуу, анын кемчлигин издөө, ошону тапса аны көтөрө чыгып, “баатыр” болуу ж. б.. Ар кандай жалпы элге келген зилзала, жуттарда, тумоолордо көз ачыктар, демилге көтөргөн лидерлер көбөйүп, кайсы бир нерселерге, кайсы бир тарыхый окуяларга, инсандарга болгон пикирлер өзгөрүлүп, эски жандуу ооруулар, кек, сүйүүлөргө чейин козголуп кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондойлор бизде да бар. Дүйнөлүк саясатта адамдардын жеке турмушуна, мамлекет менен адамдын, коом менен адамдын, жаратылыш менен адамдын, адам менен адамдын ортосундагы мурдагы мамилелер кайрадан башкача каралып жатат, ушундай агым дүйнө жүзү боюнча, ар элдин, ар бир инсандын укуктук, саясый, моралдык денгээлине жараша ар кандай жүрүп жатат.
- Элди «Чоң Казатка» үндөгөндөр да чыгууда. Муда мындай «Чоң Казатты» ар дайым өзүңүз жетектечү элеңиз? Бул жаатта даоюңузду билелик дедик эле?
- Мисалы Акаев жана анын реформаторлорунун эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы жалпы элдин 74 жылдык байлыгын менчиктештирүү саясатындагы кетирген кемчиликтерди «Чоң Казатчылар» С.Жапыкеев менен К.Жумалиевдин персонажында көтөрүп жатышса, кен-байлыктардагы коррупцияны депутат Ө.Бакиров жандандырды. Өлкөдөгү президенттик үй-бүлөлүк башкарууга тиешеси бар маселени депутат К.Зулушев көтөрүп жатса, шайлоо системасын депутат А.Сулайманов башында турган депутаттар тобу көтөрүүдө. Бул маселелер 30 жылдан бери эле тынбай көтөрүлүп чечилбей жүргөн маселелер. Ушул маселелер боюнча акыркы жолу 2016- жылдан бери Кыргызстандагы улутчул-мекенчил күчтөр /ТЭК/ биригип, нечендеген элдик курултайларды өткөрүп, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн алдына курултайдын чечимдерин жөнөтүп, элдик демилге тартибинде мыйзам долбоорлорун киргизип, курултайдын чечимдерин аткаруу боюнча атайын аткаруу комитетин түзүп, алар азыр да иштеп жатышат.Ушуга карантинге чейин үн катпаган депутаттар,активистер кайдан чыкты? Бул ошол адамзатынын жан дүйнөсүн өзгөртүүчү «карантиндин» күчүбү? Же шайлоого даярдыкпы? Эмнеси болсо да, 20 жылда, нечендеген элдик курултай, жыйындарда, эки элдик революцияда көтөрүлүп жүргөн жана жеке өзүм «Мен Кыргызмын» деген 4 томдук китебим жана «Унчукпай коюуга укугум жок» деген аталышта нечендеген кайрылууларды жазып, акаевдик, аны уланткан бакиевдик, атамбаевдик жеке башкаруулары кыргыз элине канчалык зыяны тийип жатканын тынбай айтып, жазып келгеним менен С.Жапыкеевче же «чоң казатчыларча” тез эле калың элге жеткире алган эмеспиз. Рахмат аларга, карантинге!
2016-жылы «Ак Кемеде» өткөн бир жыйында «Кыргызстанга 3- элдик революция керек, мен ал революцияны жан дүйнөнүн, аң сезимдин революциясы болсо экен деп тилейм»,-дедим эле. Жан дүйнөнүн революциясы карантин мезгилинде башталды окшойт урматтуу менин кыргыздарым! Бул бир.
Экинчиден, “чоң казатчылар» же С. Жапыкеев менен К. Жумалиев жөнүндө.
Кеп Жумалиев же Жапыкеев жөнүндө турбаш керек. Маселе бул эки адамдын персоножында жалпы элдин 74 жылда топтогон байлыгынын 90%, Акаевдин айланасын түзгөн жалпы элдин 10%ын түзбөгөн жакындары ээлеп, жалпы элдик байлыктын 10%ына гана калган 90% эл ээ болуп калган тарыхый ачуу чындыктын кайрадан көтөрүлгөнүндө жатат. Кеп ошол Акаев, Жумагулов, Бирштейн, Левитинге окшогон жана Акаевдин командасын түзүшкөн айрым КДКлар, 114 коммунист-демократтар, акаевдик академиялык-реформаторлордун, эгемендүүлүгүн жаңы эле алган Кыргызстанды үч жыл жашатпай чет элдик донор уюмдардын, Бирштейнге окшогон аферистердин колуна салып бергенинде, ошонун кесепетинен Кыргызстан өнөр- жайларынан, колхоз-совхоздорунан, кен-байлыгынан таптакыр ажырап, карызга батып, мамлекеттик бийлик бутактары бир адамдын-президенттин анын жакындарынын колуна мыйзамсыз берилгенинде болуп жатат, мен ошондой түшүнөм. С. Жапыкеевдин, «чоң казатчылардын» көтөргөн маселесин президенттерге алданып, кор болгон элдин ачуу чыңырыгы катары кабыл алам. Аларга күрөшүүнүн мыйзамдуу жолун сунуш да кылам, ал - азыркы Конституциясынын 52- бөлүгүндө бекитилген жарандардын коомдук жана мамлекеттик өзгөчө мааниси бар маселелер боюнча элдик курултай өткөрүү жолу. Баарын курултайга чакыргыла, курултайга ачык чыгаргыла, бийликтен талап кылгыла, бул силердин конституциялык укук! Басып алууну ойлобогула.
Үчүнчүдөн, депутаттар К.Зулушев, Ө.Бакиров, И.Масалиев, А.Жапаров жана А.Сулайманов башында турган дептоптун мыйзам долбоорлору боюнча (буларга да рахмат дейли 5 жыл унчукпай, эми ыйгарым укуктары бүтүп жатканда чоочугандай же карантин таасир эттиби, айтор үн чыгарышты.
1). Зулушевдин мыйзам долбоору, элдик демилге иретинде ЖКга бир жыл мурда киргизилген үч суроонун бири. Башкаруунун түрү боюнча эгемендиктин биринчи жылында аябагандай катуу саясый күрөш жүрүп, парламенттик башкарууну жактаган А.Масалиев президент болбой, президенттик башкарууну жактагандар Акаевди президент кылышкан (1990-ж.). Башкаруунун түрүн элге чыгарып тандатуу 2005-жылдагы март революциясынын эң башкы талабы болгондуктан Башкаруунун ар кандай түрүндө жаңы Конституция долбоорун даярдоо боюнча президенттин жарлыгы менен жумушчу топ түзүлгөн (2006-ж.). Бирок президенттик бийликтин даамын таткан бакиевчилер аны ишке ашыруудан кайра баш тартышкан. 2010-жылдагы Апрель революциясынын да талабы болгон. Бул маселе Президентибиз Сооронбай Шарипович быйыл 7-апрелде айткан революциянын ишке аша элек талаптарына кирет. Акыркысы улутчул-мекенчил күчтөр тарабынан элдик демилге түрүндө мыйзам долбоору даярдалып ЖКга киргизилгени менен бир жылдан бери каралбай жатат. Депутат Зулушевди колдоо менен элдик демилге менен Зулушевдин мыйзам долбоорлорун бириктирип, 30 жылда жок дегенде бир жолу элибизге кандай бийлик керектигин билүү үчүн референдумга чыгарып, андан соң элдин эркине жараша реформага барууга депутаттарды чакырат элем!
2). Кен-байлыктар боюнча алтынчы чакырылыштагы азыркы Парламент үн чыгарбай кеткен жалгыз парламент болот го деп ойлогом.Анткени эгемендүүлүк доорундагы бардык парламенттер бул маселеге кайрылышкан. Депутат Ө. Бакиров иниме рахмат Акаев, Бирштейин, Чынгышев, Жумагуловдор чет элдиктерге ээлетип, бакиевдик «Ак-жолчулар» де-юре бекитип берген кен- байлыктар маселесин өтө кеч болсо да көтөргөнүнө. Өз кен-байлыктарын өзү көзөмөлдөй албаган өлкөнү кантип эгемендүү, көз карандысыз өлкө деп айтууга болсун? Башка сөзүм да жок!
3). А.Сулайманов баштаган депутаттардын Шайлоо Кодексине киргизип жаткан долбоору 2007-ж.күзүндө бузулган элдин шайлоого жана шайланууга болгон укугун, Конституцияда бекитилген шайлоо системасын калыбына келтире албайт. Себеби ким Жогорку Кеңештин депутаты болору дагы деле партия лидерлеринин колунда калып жатат. Шайлоочу болгону партия лидери аныктаган 120 талапкердин ичинен гана тандоо укугуна ээ болот экен. Депутаттар бир гана саясый партияларга мүчө болгондордон шайланышы, партиялык тизменин гендердик жана улуттук азчылыктын өкүлдөрүн эске алуу менен түзүлүшү Конституцияда бекитилген жынысына, улутуна жана саясый ынанымдарына карабай тең укуктуу деген адам укуктарын бузат, бир партияга мүчө болууга адамды мажбурлайт. Эң жогорку өкүлчүлүктүү органды – парламентти - саясый партиялардын өкүлчүлүктүү органына айланткан азыркы шайлоо системабыз, Президенттик үй- бүлөлүк башкарууга баш ийбеген парламентти, үй-бүлөлүк парламентке айлантуу максатында киргизилген 2008-жылдан бери өлкөбүздө саясый коррупция эбегейсиз чекке жетти. Бул шайлоо система коррупцияны гүлдөтүүчү инкубаторго айланды. ЖКнын депутаттарын бир гана саясый партияларга байлап коюу, демократия эмес, саясый тарыхый ката.Тилекке каршы коррупциянын уюткусуна айланган шайлоо системасын көрүп, билип, түшүнүп туруп эле азыркы бийлик, көпчүлүк депутаттар, саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн өзгөрткүсү келбей жатканы өкүндүрөт.Так ушунун өзү күзүндөгү шайлоодо элге, президентке проблема алып келбесе болду.
- Депутат И. Масалиевдин депутаттыктан кетиши боюнча эмне дейсиз?
- Мындай көрүнүш жаңылык деле эмес. Буга чейин деле М.Султанов, Ч.Жакупова, А.Шыкмаматовко окшогон ондогон депутаттар кетишкен. Ушул фактылардын өзү, азыркы депуттатарды эл эмес, партиянын лидерлери тандаарын тастыктайт. Азыркы шайлоо системасы боюнча депутат Конституцияда бекитилген 5 жылдык мөөнөткө шайланбайт, партия лидери айткан мөөнөткө чейин гана олтурат да кет деген күнү кете берет. Эгерде кайсы бир партия парламенттен 25 орун алган болсо 5 жыл ичинде тизмедеги 120сы тең акчасына жараша кезекке туруп бир жылдан депутат болгонго мүмкүнчүлүгү бар. Экинчиден, депутаттык орундар башынан сатылары, кезегин келгенде кетери, же артындагы адамга ордун бошотуп бере турганы, же анын акчасын төлөп берээри жашыруун деле эмес. И.Масалиев тажрыйбалуу саясатчы катары «мыйзамым эки жылдан бери өтпөйт» ж.б. шылтоолорду айтпай эле «кезек Айдаровко келди» деп эле кетсе болмок.
- Дагы бир депутат А.Жапаров мырза «Кыргызстанды регион, регион кылып Японияга, Германияга ж.б. өлкөлөргө бөлүп берүү керек”- дегенин уктуңуз да...
- Бул дени соо адамдын сөзү эмес, бул жөөлугөн оору адамдын сөзү. Таажы оорусу Акылбек иниме катуу таасир берсе керек. Мурда деле Бакиевдер менен ХИПИКке киребиз деп жөөлүп жүрчү. Акыл-ээси жайында, ден соолугу чың саясатчы мамлекетинин эгемендиги, элинин эркиндиги үчүн күрөшөт. Кантип бир өлкөнүн аймагы 40 башка мамлекеттерге бөлүнүп берилгенден кийин ал өлкөдө эгемендүүлүк болсун, жерлери чет элдиктерге берилген элде кайдан ынтымак, эркиндик болсун? Мисалы мен кыргыз элиме экинчи 1916- жылды каалабайм. Биз өзүбүз немецтер Германияны сүйгөндөй, япондор өз аралын көзүнүн карегиндей коргогондой, малайлар өздөрүн Малайзияда биринчибиз дешкендей өзүбүз, улутчул, намысчыл, арий сезимге ээ болуп, өлкөнүн, жер-суунун, башка байлыктардын, мамлекеттик бийликтин, эгемендиктин ээси экенибизди сезишибиз керек. Ошондо Кыргызстан өнүгөт. 30 жыл өлкөнү, анын байлыгын талатып, тонотуп , элин тентитип, эми ушундай оор күндөрү ушундай «гениалдуу» пландарын жарыялайм деген адамдарды мен оорулуу адам деп айтам. Биз Япониядай, Германиядай өлкө курганга, өзүбүз япондордой, немецтердей эл болгонго умтулалы!
Ачыгын айтканда, кыргыздар бактылуу элбиз, күчсүз, кедей болсок да Кыргызстан деген үйүбүз бар. Эгерде өз үйүбүз сатылбай, бузулбай турса, жаман үйүбүз сөзсүз оңдолот, ач курсак тоет! Ал үйдүн кыргыз деген ээси, ынтымактуу, намыстуу болуп, утурумдук, күнүмдүк кыйынчылыктарда сынбаса, жеңилбесе, бөлүнбөсө ал ишке ашат! Келгиле урматтуу кыргыздар, Кыргызстандын чыныгы ээси катары, Акаев «общий домго» айлантып бузуп кеткен үйүбүздү жаңыдан куралы! Аны биз Кыргызстан деген үйдүн ээси экенибизди кан -жаныбыз менен сезип, өзүбүздү чыныгы үй ээсиндей жоопкерчиликтүү алып жүрүп ,кайдыгерликти таштаганда ишке ашырабыз! Батыштан же башка ар кандай донорлордон НПОлор аркылуу келген акчаларга, жана аларды колдогон бийликтин реформаторлоруна макул болбойлу, реформаларды “жылкыбызга жараша ышкырып” жасайлы. Адам ресурсуна, жаратылыш ресурстарына, улуттук баалуулуктарга көздүн карегиндей аяр мамиле жасоону үйрөнөлү. Үйдү кимге башкартабыз, келгиле, элдин тандоосуна чыгаралы?! Өз депутатыңды түз, тике, альтернативдүү жылдырылган талапкерлердин ичинен тандап аласыңбы же партиялык тизмени шайлап жүрө бересиңби? Муну да чечели? Кен байлыктар мамлекеттин өзгөчө коругунда болуп, чет элдиктерден кайра алынышын, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштешин каалайсыңбы? Кел анда ошондой маселе көтөргөндөргө кошул! Сырткы карыздарды кимдер алган,74 жылдык элдин байлыгын кимдер кантип бөлүп алышкан билгиң келеби? Алардын кайра «кусушун» каалайсыңбы, бирик да бийликтен талап кыл! Бийлик бутактары жыл сайын эл алдында элдик курултайларда отчет берип турушун каалайсыңбы? Жогорку Кеңеште 10 жылдан бери мыйзамы атайын кабыл алынбай турат.Ушундай элдик ынкылаптардын талаптарын аткарбаган депутаттарды шайлабай коюунун жолу шайлоо системасын чукул өзгөртүү болот. Эгерде биз азыркы шайлоо системасын өзгөртпөй күздөгү шайлоого барсак, бүгүнкү абалыбыз дагы 5 жылга узартылат, ушул депутаттардын көбү кайра шайланып келет. Шайлоого келбей койгула, байкот кылгыла деген туура эмес, азыркы бийлик так ошону каалайт, себеби баары бир шайлоого 20%дан ашык шайлоочуларды бюджетниктердин эсебинен камсыз кылат да, шайлоого келбеген 80% шайлоочулардын добушу барьерден өткөн партияларга пропорциалдык тартипте 2010 жана 2015-жылдардагы шайлоонун жыйынтыгындай бөлүнүп берилет. Азыркы шайлоо системасынын күчү ушул жерде, эптеп барьерден өтсө болду, ошондуктан көптөгөн «карышкыр» саясатчылар шайлоо босогосу үчүн гана күрөшүп жатканы ушунда!
Жетинчиден, Өкмөттүн ишине, анын башчысы Абылгазиевге ичи толбой, алардын аракеттеринен кылмыш издөө, шайлоого даярдыктын бир түрү. Эгерде 2010- жылдан кийин Өкмөттүн кожоюну Жогорку Кеңеш экенин толук сезишип, Өкмөттү президенттин алдына жаткырып бербей, керек болсо коргоп жүргөндө, Өкмөтүбүз азыркы абалга түшпөйт болчу. Ж .Сатыбалдиев, С. Исаков, О. Артыкбаев жана башкалар камалышпайт эле. Мен Абылгазиевди, анын Өкмөтүн коргобойм, аларды коргоп, мактай турган эч нерсеси жок, болгону бир же жарым жыл мурда кайда эле ушул депутаттар? Бул Өкмөттүн ишин катуу сындоо же айып коюу шайлоо алдында жеңил очко топтоого окшоп турат, күтө туралы мезгил көрсөтөт.
- Азимбек аке, ошол мамлекеттен уурдалган объектилер боюнча мурунку баш прокурорлордун арасында сизге дагы сындар айтылып жатат. Эмнеге ал кезде жакшы иш жүргүзө албадыңыздар?
- Ооба башкы прокурорлор жакшы иштесе, ууруларды олтургузуп, уурдалган обьектилерди кайтарса болмок деген сындарды окуп, угуп жатам. Анын ичинде өзүмдүн дарегиме да. Ооба болмок, эгерде прокурорлор мыйзамга баш ийип мыйзамдын бузулбастыгын камсыз кыла ала турган, укуктук мамлекетте иштешсе. Бирок, Президентке эч бир баш ийбеген Жогорку Кеңеш, Сот бийлиги, депутаттар ж.б органдар, кызмат адамдары президенттерге, анын жакындарына кызмат кылып жатканда түздөн-түз президенттер тарабынан кызматка келип, кызматтан кетириле турган башкы прокурорлор эмне кыла алат? Мен коллегаларымды коргобойм, болгону алар деле үй- бүлөлүк башкаруу системасынын солдаттары экенин айтып жатам. Алардын ичинен мен гана «элдик прокурор» катары Бакиевке караганда мыйзамга баш ийем деп 100 күндүк коррупцияга каршы иш чараларды жүргүздүм. Приватташтыруу, сырткы карыздар, кен-байлыктар жана башка Акаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түздүрдүм. Бакиевдин көрөр көз иниси Ж. Бакиевдин үстүнөн бери кылмыш иш козготтум. Баарын мыйзамдын чегинде алып бардык. Аягы эмне менен бүттү? 6 айга жеткирбей мени кызматтан кетирүү менен баары бүтпөдүбү? Мен кетер менен баарын менин ордума келген К. Конгантиев токтотподу беле! Андан кийинки прокурорлор эмне иш кылышты? Мисалы Ж. Бакиевдин ишин соттон чакыртып алышты, анын алдында ырдап- бийлеп жүрүшкөн жокпу? Кана, биз баштаган бир ишти бүтүрүштүбү? Бир обьект улутташтырылдыбы? Жок! Эмне үчүн? Анткени Кыргызстанда баарын бир үй-бүлө чечет, кимге кылмыш иш козготот, кимдин ишин токтотуп коет, мисалы азыр деле ондогон кылмыш иштери бар саясатчылар, депутаттар жүрүшпөйбү? Эмне үчүн алардын иштери сотко берилбейт? Бишкектин өзүндө эле чоң - чоң обьектилерди офис кылып ээлеп, арендага беришип өздөрүн бай эсептешкен ондогон депутаттар, саясатчыларыбыз бар. Жумалиев жалгыз эмес! Эгерде президенттер каршы болбосо прокурорлор эле эмес, милиция кызматкерлери да уурдалган ондогон бала бакчаларды кайтартып коймок. Эмне үчүн мен башкы прокурор кезде же мен прокуратурага куратор кезимде гана жүздөгөн обьектилер, анын ичинде азыр башкы прокуратура өзү олтурган имараттар, ондогон кымбат баалуу автомашина техникалар, жүздөгөн гектар жерлер, миллиондогон акчалар улутташтырылды, же мамлекетке кайтарылды? Анан токтоп калды? Анткени ошол кыска мезгил ичинде гана прокурорлор мыйзамга таянып өз алдынча иштей алышты, мен аларга ошондой мыйзам боюнча аракеттенүүгө шарт түзүп, аларды үй-бүлөдөн коргой алдым. Ал дагы элдик ыңкылаптын шарапаты менен. Мен сыяктуу эле «Бекназаровдуку» деген мотив менен башкы прокурор Б. Ибраев 2010- жылкы Конституция кабыл алынып, ага ылайык Отунбаева прокуратураны өз колуна алаары менен тез эле Байболовго, Байболов, Саляновага алмаштырылды. Жүрүп жаткан улутташтыруу токтотулуп, айрым камактагы баалуу кагаздар, обьектилер колдон колго өтүп кетти. Мен ар кандай жыйындарда бул ачуу чындыкты айтып жүрөм жана прокурорлордун жеке аракеттери менен мамлекетке эки революциядан кийин канча обьект, канча жер, канча акча каражаты, канча техника кайтарылганын белгилеп келем. Албетте, натыйжа мындан да көп болмок, эгерде президенттер тоскоол болбой, тескерисинче колдоп турса. Мындай иштерди аткаруу оңой эмес, ага бир эле прокурорлук, же тергөөчүлүк кызмат аздык кылат. Дагы мекенчилдик, акыйкатчыл харизма, дух керек. Андай адамдар эң жогорку деңгээлдеги адамдарга душман болот, ушак- айыңга алынат. Бирок таза болсоң сени эч ким эч нерсе кыла албайт, болгону ак жүрөк нечендеген кызматкерлер «Бекназаровдуку» делип кызматтарынан мыйзамсыз бошотулду. Айрымдары ушул күнгө чейин жапжаш курагында жумушсуз жүрүшөт.
Ал эми биздин ордубузга келген үй-бүлөнүн прокурорлору албетте узак иштейт, сыйлык наам алат, бирок буйрук аткарганы үчүн эмне болушканын, болуп жатканын жакшы билесиңер. Анткени президенттерден башка да Кудай бар!
- Акыркы кезде деги эмне жакшы нерселерди байкап жатасыз? Кубана турган бир нерсе бардыр?
- Чындыгында, карантин көптөгөн жаштарыбызга чоң саясатка аттанууга түрткү берди, жаңы саясый партиялар, кыймылдар пайда болуп, бир топ жаштарыбыз үн чыгарып жатышат. Мен аны кубануу менен кабыл алдым. Биздин коом, мамлекет анын саясый системасы жаңы муундун толкунуна муктаж. Жаңы Кыргызстанды жаңы муун, жаңы адамдар курушу керек. Мен ал саясатка аралашам деген жаштарга айтарым, саясатта акча, чечендиктен, кимдир бирөөнүн колдоосунан башка да тунук акыл, улуу максат, идея, ага жетүү үчүн айнылгыс такталган жол, саясый туруктуулук, чаар баштык, көк жалдык, айкөлдүк, адамгерчиликтүү жеке касиет, элдин, мамлекеттин убалынан корккон мекенчилдик сапат, оор сыноодон өткөн пикирлеш команда керек. Бүгүнкү менен эртеңкини айтаардан мурда, өткөн - кечээгиңди бил, аны билбей туруп, сен чоң саясатчы боло албайсың. Бүгүнкү бийликтин бир беткей кемчиликтерин айтып, өзүңдү оппозиция катары эсептебе, сен бийликке системдүү идеялык көз карашың болсо оппозиция катары эсепте. Жок дегенде Кыргызстандын 30 жылдык саясый тарыхын ар тараптуу талдап үйрөн. Эмне үчүн СССР кыйрады, элдин 74 жылдык топтогон байлыгы кантип таланып, тонолгон, кен байлыктар кантип чет элдиктерге берилген, эмне үчүн завод-фабрика, колхоз-совхоз имарат, техника, жерлери менен жок болуп кетти, сырткы карыздарды кимдер пайдаланган, партиялык тизмени шайлатуу шайлоо системасы эмне үчүн киргизилген, Мамлекеттик бийлик президенттер тарабынан качан, кандай жолдор менен узурпацияланган, кыргыз жерлеринин бүтүндүгүн кимдер бузган, аларды ким уюштурган, кимдер аткаруучу болду, эмне үчүн Акаев киргизип кеткен президенттик үй-бүлөлүк башкарууну кийинки президенттер бузгусу келбейт? Ушунун баарын даректүү, документтер менен билгиң келсе, жок дегенде менин «Мен кыргызмын» деген 4 томдук китебимден, «Унчукпай коюуга укугум жок же Эгемен Кыргызстандын коррупциялык схемалары, анын баатырлары, кесепеттери” деген китебимден оку, аны башкалар менен салыштыр, анализде, ойлон, өзүңдү чоң саясатка оболу даярда!.
Маектешкен Нургазы Анаркулов