Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ЖК депутаты, КСДПнын төрагасынын милдетин жаңы аткарып баштаган Анвар Артыковго жана өзүнүн тарапташтарына кат жазды.

Катта Атамбаев Артыковду партиянын башчылыгына келиши менен куттуктап, тарапташтарын болсо жаңы төраганы колдоп, ошондой эле парламенттик шайлоого даярдык көрүп баштоого чакырды.

Каттын сүрөтүн Фейсбук социалдык тармагында мурдагы президенттин уулу Сеид Атамбаев жүктөгөн.

Булак: vesti.kg