Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат таратып, 27-майда өлкөнүн башкы сотунун жетекчиси Гүлбара Калиева Кожомбердиевди Сот департаментинин эмгек жамаатына тааныштырганын билдирди.

42 жаштагы Урмат Кожомбердиев Мамлекеттик каттоо кызматына жумушка орношконго чейин 2002-2012-жылдар аралыгында Сот департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.

Булак: Азаттык