“Социал-демократтар” фракциясынын мурдагы лидерине башка саясий бирикмелерден сунуштар түшүүдө. Ал азырынча чечим чыгара элек

КСДП парламенттик фракциясынын мурдагы башчысы, ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков Vesti.kg сайтына берген маегинде азырынча “социал-демократтардын” мурдагыдай туруктуу эмес катарларынан азырынча чыга электигин белгиледи.

Анын айтымында ал азырынча партиянын курамынан чыга элек жана качан чыгарын да билбейт.

- Ал жакта азыр кандайдыр бир “разборкалар” болуп жатат, мен аларга катышкан жокмун, - деп белгиледи Чыныбай Акунович.

Мындан сырткары, депутат азырынча шайлоого кайсы партия менен барарын чече электигин бөлүштү.

- Мага ар кандай партиялардан сунуштар түшүп жатат, азыркы маалда тандап жатам, - деди ал.

Муну менен бирге Турсунбеков ага сунуш киргизип жаткан партиялардын аттарын атап берүүдөн баш тартты.

Булак: vesti.kg