Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңешке «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү токтом М.Масалиевден түшкөн арыздын негизинде кабыл алынды. Муну менен И.Масалиевдин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.
21-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») билдирүү жасап, мандатын тапшыра турганын айткан.
Ал Жогорку Кеңеште 15 жыл депутат болгонун белгиледи. Анын айтымында, акыркы учурларда парламентке көп сын айтылып жатат. Ошондой эле депутат төраганын, өкмөттүн ишин сынга алган.
Масалиев өлкө оор абалга келгенин айтып: «Ушул оор акыбалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Менин деле жоопкерчилигим бар да. Себеби мен сунуштаган мыйзам долбоору болобу же башка болобу жеткире алган жокмун, талап кылып, ишке ашыра албадым. Ошондуктан ушундай чечимге келдим, депутаттык мандатты 25-майда тапшырам. Ушул жаңылыкты сиздер менен бөлүшкүм келди», - деген.
Булак: Баракелде