Канжарбек Эшалиев башка ишке которулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Ал эми анын ордуна Жуманалы Накетаев Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Булак: Кабар