Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов аким берген арызына ылайык кызматынан алынганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Чаткал райондук администрация башчысы болуп Жуманалы Накетаев дайындалды. Накетаев буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп иштечү. Жаңы дайындалган акимди өкмөттүн өкүлү бүгүн, 26-майда жамаатка тааныштырат.
Канжарбек Эшалиев районду 2013-жылдын июнь айынан бери жетектеп келаткан.
Булак: Азаттык