Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын ортосунда ажырым кеткени КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ачыктады. Ал Фейсбуктагы баракчасына кимдин ким экени жакын арада коомчулукка ачык айтыла турганын жазып чыкты.
“Бети жоктуктун дагы чеги болуш керек! Калптын казаны кайнабайт! Жакында баары ачыкка чыгат. Унчукпай, кой деген сайын башка чыгып алышты! Ачуу чындык баардыгына чекит коет, факты менен тастыкталган чындык! Айрым кишилерди көрүп, мен уялып кетип жатам. Кичине ар-намыс деген болуш керек да! Абакта жаткандар дагы үн катат жакында, баардыгын ачык айтып, кимдин-ким экенин коомчулуукка ачык айтышат. «Эл көзүнө кылган» жоруктарга чекит коюш керек. Мен сүйлөсөм, абийириңер төгүлөт. Дагы мени саткын дегендердин бетин ачам!” — деп жазды Жолдубаева.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина КАрамушкина КСДПнын тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча билдирүү жасаган.
«КСДПнын убактылуу лидери Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевди ачык колдобой калышкан. Адил Турдукулов тарапка ооп, Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткандарын эске алып, биз “Кыргызстан социал-демократтары” деген ат менен жаңы партия түзүп, каттоодон өткөрдүк. Мындан ары биздин партиянын бардык иш-чаралары жана жолугушуулары Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз өтөт”, — деп жазган эл өкүлү.
Булак: Элгезит