"Түрмөдө жападан жалгыз Садыр Жапаров калды. Эң өкүнүчтүүсү Садыр камакта жатканда Алла Таала оор сыноолорду берди. Аяш атабыз, аяш апабыз бул дүйнөдөн өттү. Ушуларды эстегенде Садырдын келишин күтүп жүрүп, оо дүйнөгө кеткендерин ойлогондо жүрөгүм ооруйт, жүрөгүм ыйлайт. Эркек болсом да кээде токтоно албай мен да ыйлап жиберем.

Ал сыноолор аз келгенсип Садыр чырактай Дастан деген 23-24 жаштагы уулунан ажырады. Эмне деген тагдырдын таш боордугу...

Садыр Алла Тааланын сыноосуна кабылганда пенделер колдон келген жардамыбызды берели деп кол сунсак  болмок да. Тилекке каршы, андай жардам болгон  жок. Мен бир канча жолу президенттен Садыр Жапаровго ырайым бериңизчи деп сурандым. Анан жападан жалгыз Садыр "мага ырайым бериңизчи, мен чыгайынчы" деп суранды. Аны да мен суранганмын.

Досум, ырайым сурап жаз, бала-чакаң, тууган-уругуң кыйналды. Өзүңдү ойлобо, бирөөлөр  "ырайым сурадың" десе да, сен эркиндикке чыгып алчы,- деп суранып жүрүп жаздырдым.

Бирок, ал ырайым сурап президентке жазгандан бери арадан 6 ай өттү. Ушул күнгө чейин  ырайым сураган иши  карала элек же карабайбыз дебейт. Мен ушул студиядан пайдаланып, Алла Тааланын улуу күнүндө, касиеттүү орозо айында, орозонун акыркы кечиримдүүлүккө үндөгөн 10 күнүндө президенттен иниси катары жана  сизди колдогон жана мындан ары да колдой турган адам катары Садыр Жапаровго ырайым кылыңыз деп суранам.

Алла Тааланын ыйык күнүндө Садыр Жапаровду чыгарып бериңизчи. Мен ыйлап туруп суранам...Э гер сиз ушул нерсени да кабыл албасаңыз ал өзүңүздүн эркиңиз, өзүңүздүн ишиңиз. Президент катары  сиз чечим кабыл аласыз. Кандай чечим кабыл алсаңыз да макул болобуз. Бирок,  бул күндөр да өтөт. Алла Таалам тынч койсо, жакшылык күндөрү да жолугушабыз. Садыр менен да жолугушабыз. Мен сизден ырайым кылышыңызды, алдыңызда жаткан кагазга бүгүн-эртең кол коюшуңузду суранам. Садыр айтта үйүнө келип калышын өтүнөм", - деди көзүнө жаш алган саясатчы  Камчыбек Ташиев.  

Булак:  nazarnews.org