Анын кайрылуусун «Кактус» басылмасына таркатты.

Шадиева Асель күйөөсүнүн ак экенин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолгон:

«Мен Шадиева Асел Каныбековна,  Кыргызстандын жараны жана төрт баланын апасымын. Анын экөөнүн жашы жете элек.  Менин күйөөм  Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты алган деп шектелип он жылга эркинен ажыратылды.  Мен күйөөмдүн ак экенине ишенем. Ал жасабаган иши үчүн соттолду».

«8 жылдан кийин бизди аңдып, тыңшоолор башталгандыктан менин күйөөм өзүнүн жана үй-бүлөнүн  коопсуздугу үчүн өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Учурда укук коргоо органдары мени да текшерип жатышат. Мен мындан ары унчукпай олтура албайм” -деген Асел Шадиева.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Булак: Элгезит