- Самсаалы мырза, “Гансидеги” обвсервациядагылардын үйүнө кеткени башкы штабдын күнөөсүбү же шартына ыраазы болбогон мигранттар күнөөлүүбү?

- Эки тарабы тең күнөөлүү. Үйлөрүнө таркатып жиберген штаб да күнөөлүү жана сабырсыздык кылган мигранттар да күнөөлүү. Менимче мигранттар бул илдеттин кесепетин түшүнбөй жатышат окшойт. Булар го жулкунган жаш немелер экен, вирусту да, бийликти да тоготпогон. Кокус арасында вирус жуктургандары болуп, үйлөрүндөгү иммунитети алсыз жакындарына жугузуп өлтүрүп алса не болот? Кыскасы, жакшы иш болгон жок. Штабдын алсыздыгы, мигранттардын түркөйлүгү болду.

- Абал курчуп кетсе, жоопкерчилик кимде болот?

- Эң башкы күнөөкөр штаб болот. Башка ким болмок эле. Мындай учурда керек болсо баш ийбегендерге күч колдонуш керек болчу. Тартип болбосо биз эч кандай ийгиликке жетише албайбыз.

- Эмне үчүн депутаттар барган сайын активдүү болуп, бири-бирин сындай башташты?

- Жандырмагы эң жөнөкөй, жакында шайлоо болгону турат. Ошого жандалбастап көбү шайлоочуларынын көзүнө көрүнүп калуу аракетин кылып жатышат. Болгону эле ошол. Элге жерге күйүп иштеп баштады деп айтыш кыйын.

- Бюджетте чыгым көп болуп, өкмөткө пенсия берүү оорчулук жаратып жаткан мезгилде парламент тарашы керекпи же баштаган иштерин бүткөрүп, мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керекпи?

- Бул парламенттен эч нерсе көз каранды эмес. Дээрлик эч нерсе. Элдин баары айтып атат, кыргыз өз алдынча мамлекет болгондон берки эң алсыз, билимсиз парламент ушулар болду деп. “Калк айтса калп айтпайт” деген сөз бар элибизде. Жалпы элдин пикири менен макул болбошко аргабыз жок. Чындык так ошондой экенин баарыбыз сезип турабыз. Албетте, арасында ишин билген мыкты депутаттар жок эмес, бирок алар өтө аздык кылат. Беркилердин фонунда алар көрүнбөй да калып атат. Таркап кетсе деле таркабаса деле эч нерсе өзгөрбөйт. Таркап кетсе кичине тыйын болсо да үнөмдөлүп калмак.

- Парламент олигархтардын ордосуна айланып калбаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

- Биринчи кезекте шайлоо системасын өзгөртүшүбүз керек. Ал - партиянын ичиндеги адамды тандап добуш берүү жолу - преференциалдуу шайлоо ыкмасы деп айтылып жүрөт. Партлидердин тизмеси менен шайлап атып ушул ит ыйлачу көрүнүшкө кептелип олтурабыз. Экинчиси шайлоочулар да өздөрү таза шайлоо өткөргөнгө умтулушу керек. Бул да чоң жоопкерчилик. Миң сомго добушун саткан учурлар бизде көп эле болду. Ошол жаман адатты токтотушубуз керек. Добуш сатып алган эл өкүлү мекендин кызыкчылыгына сөзсүз кыянаттык кылышын унутпашыбыз керек. Шайлоочу шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана парламентке келген депутаттардын сапаты жакшырат. Ошондой болгон учурда, акчасынан башканы ойлобогон олигархтарды да эл шайламак да эмес.

- Өкмөт башчынын спикердин дарегине жолдогон ыраазычылык каты эмнеден кабар беерт?

- Мен өкмөттүн да, парламенттин да ишине көптөн бери ичим чыкпайт. Бири бирине ыраазычылык кат жолдогонун көргөн да укккан да жокмун. Эгер андай көүнүш орун алса, анда жылмайып коюштан башка арга жок...

- Кечээ Атамбаевдин балдары, тарапташтары “Жээнбеков, Матраимов камалсын”- деген ураандар менен Биринчи май райондук сотунун алдына чыкты. Булар туура эле маселе көтөрүштүбү же аша чаап кетиштиби?

- Түз эле камалсын дегени аша чапкандык. Эмне алар сотпу, антип бир беткей айткыдай? "Текшерилсин"” деп талап кылса да бир аз жарашат эле. Биз, жарандар, же саясий топтор, кандай позицияда болсок да баарын мыйзам чегинде талап кылганды үйрөнүшүбүз керек. Акыркы күндөрү саясат деп эле аша чапкандар көбөйдү. Мындай жоосунсуз жорукту токтотушубуз керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “МАЙДАН.KG” гезити