Баяндамачы — башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Таабылды Тиллаев мурунку премьер-министр Данияр Үсөновду өлкөгө кайтаруу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

«Данияр Үсөнов кийин Урицкий деп чыгып жүрдү. 2017-2018-жылдардан баштап эле Белоруссиянын тийиштүү органдарына жазасын өтөө үчүн бизге өткөрүп берүү боюнча кайрылуу берип келем. Өзүм да барганда ушул маселени көтөрүп, 3 жолу сүйлөштүк. Ооба, карайбыз дейт, бирок 2018-жылы Белоруссиянын соту саясий негиздер менен соттолгон деп негиз кылып туруп, бизге берүүдөн баш тартып койгон. Ошого карабастан Белоруссиянын Башкы покуратурасынан сурап келебиз, маселени чечип бергиле деп», - деди Жамшитов.

Депутат анын мүлкү эмне болгонун, көзөмөлгө алынып же алынбаганын сурады.

Башкы прокурордун айтымында, бүгүнкү күндө алдын ала 1,5 млрд сомго бааланган мүлкү камакка алынган. Тийиштүү кызматтар баасын аныктап чыгып, андан кийин мамлекеттин эсебине конфискация болот. Биринчи кезекте мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

«Өндүрүлбөй калган учурда үй мүлкүн камакка алып, соттун өкүмү менен мамлекеттин пайдасына алынат», - деди Жамшитов.

Буга чейин белоруссиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында Даниил Урицкийдин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар жарыяланган болчу.

2010-жылдагы окуяда өлкөдөн качып кеткен Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деген ысым менен 2016-жылы беларусь паспортун алганы маалымдалган эле. Ал эми Д.Үсөнов өзү «Naviny.by» басылмасына берген маегинде: «Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болду деп уккам», - деп билдирген.

Булак: Баракелде