Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышынын ишине нааразы экенин айтып, мандатын тапшырарын билдирген Исхак Масалиевдин ордуна "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болуп Нургазы Айдаров келет. Бул тууралуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине өздүк булактар кабарлашты.

Нургазы Айдаров 1966 жылы 16-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө районунда төрөлгөн.  54 жаштагы саясатчы буга чейин Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышында депутат болгон. Биринчисинде "Ак-Жол" партиясынан депутат болсо, экинчи жолу "Ата-Журт" партиясынан мандат алган эле. 

Булак: media-center.kg