“Кечээги Канат Хасановдун видео-кайрылуусу көрдүм азыр, көрбөскө айла жок эле, көп киши телефон чылып, бул жерге, жеке баракчага жазып жиберишти...

Кайрылуудагы эң негизги ой - бул Канат мырзанын: БИЗ МИТИНГ БОЛСО ДА БАРБАЙБЫЗ, БИЗГЕ МИТИНГДИН, ТОПОЛОҢДУН КЕРЕГИ ЖОК, БИЗ МЫЙЗАМ ЖОЛУНДА ГАНА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ, ШАЙЛООГО БАРАБЫЗ- деп айтканы. Маанилүүсү ушул, бул ойду “Чоң казат” уюму кайра-кайра жарыя кылса дурус болот эле.

Анткени, “Чоң казат” деп дуулдап, жээликкендердин көбү ошо тополоңду каалап, ошондой кырдаалды самап жаткандар болуп жатпайбы. Аны жашырышкан жок, ачык эле айтып да, жазып да жатышат. Мына ошолордун демин басып, көксөөсүн суута турган сөздү айтты Канат мырза. !Ап-баракелде!” дегенден башка сөз жок менде.

Ал эми калган сөздүн көбү “коркконго кош көрүнөт” дегендей эле... жоромолдоп, боолголоп айтылган нерселер... Канат мырза кеп кылып жаткан уюмга мүчө ГКНБнын эски кызматкерлеринин деле чамалары чак окшойт, так анализ кылып, так тыянак берише албагандан кийин. Мен “Чоң казат” уюму жана анын ишмердиги жөнүндө эч кандай пикир айткан жокмун, болгону Сыймык мырзанын чакырыктары жана анын учурдагы кырдаалдагы кооптуулугу жөнүндө ой бөлүштүм. Ушуну өзүңөр үчүн тактап койсоңор.

Ошону менен бирге бир нерсени так айтып коюшум зарыл деп эсептейм: Каптагаев эч качан бирөөнүн артына жашынган эмес, айтса ачык эле бетке айтат, чабышса ачык эле чабышат, жалтактабай. Канат мырза сөз кылып жаткан окуя боюнча - чынында эле 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович менен “чарт-чурт” болгонбуз, аны баары эле билет, ошого ылайык жөөлөшүп барып токтогонбуз. Бул эбакы тарых.

Ал эми менин мүмкүнчүлүктөрүмдү көкөлөтүп, мага “пиар” кылганы үчүн албетте Канат мырзага ыраазычылык билдирем. Максатыбыз бир - бул Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Элинин жаркын келечеги деп терең ишенем”,- деп жазды “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына Эмилбек Каптагаев.