«Ызы-чуу кылып жатасыңар. Бул жерде идеалдуу эч кимиңер жок, баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Камерага карап жакшы сүйлөйсүңөр, ал эми кылган ишиңер такыр Кудай көргүс нерселер. Ушул жерде эки жүздүү адамдар отурасыңар. Семизиңер бар, кыйшыгыңар бар. Буларга эч кимибиз, эч нерсе дей элекпиз. Ошондуктан өзүңөрдү кармасаңар! Же бирөөңөрдү семиз же кыйшыксыңар деп атабызбы? Ошондуктан сыйыңарды билгиле, жакшынакай болгула!» — деп сөзүн жыйынтыктады Икрамов.

Ага чейин, Төрага менен эл өкүлдөрү бир нече убакытка чейин жаакташып, биринин артынан бири ар кандай сөздөрдү айтып жатышкан. Маселенин көтөрүлүшүнө төраганын депутаттарга карата «парламентте жакпайбы сиздерге, эч ким кармаган жок анда. Эмнеге кекетип сүйлөйсүздөр, эч ким кармаган жок, сиздерди» деген билдирүүсү түрткү болду.

Эскерте кетсек, 44 жаштагы Дастанбек Жумабеков 2017-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрагасы болуп келет. Ал 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын, 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен келип, депутаттык мандат алган.

Булак: Элгезит