Дастан Жумабеков депутаттарды таарынтып алды. Алар Жогорку Кеңештин төрагасынын “парламент жакпай жатса - кете бергиле да” деген сөздөрүнө ачууланышкан.

- Депутаттарды кууганга сиздин укугуңуз жок, сиз мындай ыйгарым укукка ээ эмессиз, - деп «Республика – Ата Журт» фракциясынан депутат Максат Сабиров жооп берген.

- Ооба, силер мага сын-пикир айта аласыңар, бирок, сыйлашыңар дагы керек, - деп актанды спикер.

Талашка «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев кошулган.

Сиз бардык маселелерде өзүңүздү адис көрсөтө бересиз, - деп ал төрагага кайрылды. - Бизди эч ким кууй албайт. Сапар Исаков премьер-министр кезинде сиз мага сөз берчү эмессиз. Азыр ал кайда отурат? Эми сиз Абылгазиевди колдоп, баягы эле каталарыңызды кайталап жатасыз.

Депутат Жанар Акаев ЖКнын төрагасы депутаттардын укуктарын коргошу керектигин, бирок, Жумабеков муну кылбай жатканын эске салды.

- Сиз дайыма бизге каршы болуп келгенсиз, - деп кейиди эл өкүлү. Сиз бизди эмес, бардык премьерлерди, чоңдорду коргойсуз.

Мындан сырткары, Акаев кесиптештерине комиссия чогултуп, төрагалардын фондунун сарпталышын текшерүүнү сунуштады.

Источник: vesti.kg