Бул тууралуу ал Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлерине айтканы тууралуу маалымат борбордун расмий сайтына жарыяланды.
Анда “Жээнбеков арыз жөнөтүү механизми жок болгондуктан эки ай бою жазган каттары жөнөтүлбөй, бардык каттары цензурага алынып жатканын айтып даттанды. Эки ай бою адвокат менен жолугууга мүмкүнчүлүк болбогонун билдирди. Ден соолугуна жана абакта кармоо шартына арызданган жок” деп айтылды.
Жаза аткаруу кызматы саясатчынын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. Буга чейин коронавирустан улам жалпы өлкөдө киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу абактарда да убактылуу чектөөлөр киргизилгенин жарыялап, “туура түшүнүүнү” суранган.
Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда. Жакында анын атынан жарыяланган билдирүү талашка түшкөн.
Булак: Азаттык