Болотбек Акматов, Кеңешбек Токтомамбетов жана Аскат Сыдыковдон түзүлгөн соттук коллегия Аскаров боюнча буга чейинки инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды.
69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
Аскаровдун адвокаттары менен жакындары чечимге макул эмес экенин, укук коргоочу 10 жылдан бери түрмөдө мыйзамсыз отурганын айтып келишет.
Булак: elgezit.kg