Бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык соту «Прецедент» юридикалык компаниясынын жетекчеси Нурбек Токтакуновдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байышын иликтөө тууралуу доо арызын карады.
Жыйынтыгында сот анын арызын канааттандырган жок жана Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Эске ала кетсек, Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) каршы арыз жазып, Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерүү тууралуу иштин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө катталышын талап кылган.
2020-жылы 4-мартта Биринчи май райондук тергөө соту аны каттоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган. Токтакунов ага макул болбой аппеляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, чара көрүүнү тергөө органдарынан талап кылып келет.
Булак: Элгезит