“2 жылдан ашык премьер-министр болуп иштедиңиз. Чоң реформалады жасайбыз деп келгенсиз, 2 жылдан ашты сунуштарды алып келген жоксуздар. Буга эмне себеп болду? Тескерисинче мамлекеттик мекемелерди көбөйтүп, алардын бюджетин республикалык бюджеттен түздүңүз”, – деди Сулайманов.
Депутатка жооп берген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта анализ кылгандарын айтты.
“Анализ кылгандан кийин азыркыдай түзүм менен иштеп турган оң болот деген жыйынтыкка келдик. Чоң өзгөрүүгө алып баруу үчүн каражатты табуу жолундабыз”, – деди премьер-министр.
Депутат экономиканы өзгөртүүгө ким тоскоол болуп жатканын сурады. “3-4 айдан кийин сиз дагы кетесиз”, – деди депутат. Өкмөт башчы “сиздер кайра келсеңиздер, аман-эсен болсок биз дагы кайра келебиз” деди. Депутат премьер-министрге колдоолор болуп жатканын айтты.
Булак: govori.tv