Бул туурасында «Азаттык» жазды. Соттун жоюлгандыгын журналисттер укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароого катышууга барган кезде билишкен.
Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айткан.
«Биз иштебей калдык. Район аралык сот жоюлганын бүгүн эле билдик. Президенттин буйругу чыгыптыр. 8-майда жарандык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары район аралык сот жок. Анын ордуна административдик соттор түзүлдү. Азырынча судьялар жумушка чыга элек. Биз район аралык соттун судьялары болчубуз. Ал жоюлуп кеткендиктен ишти карай албайбыз. Ал эми административдик соттун судьялары дайындала элек. Сотторду президент дайындашы керек», — деди судья.
Район аралык сотто 11-майда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароо белгиленген эле.
Президенттик аппарат жана Жогорку сот жарлык тууралуу маалымат бере элек.
Булак: Элгезит