Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

“Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда коронавирус оорусу жок экендиги, бул ойлонулуп табылган нерсе, ал эми бийлик жарандарды негизсиз үйдө отурууга мажбурлоодо деген сыяктуу талкуулар жүрүүдө. Мен кыргызстандыктарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам! Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Эгерде бул дарт жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес. Тилекке каршы, биз бир медициналык кызматкерден айрылдык”, - деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле мекендештерди себепсиз үйдөн чыкпоого, адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга, беткап кийүүгө жана баша санитардык эрежелердин талаптарын аткарууга чакырды.

“Баарыңыздардын  жашооңуздардын кандай экендигин абдан жакшы билебиз. Абалыңыздарды жакшы түшүнүп турабыз. Коронавируска каршы күрөшүү процесси – бул бир тараптуу гана иш эмес. Биз дагы бир ирет ар-бирибиздин ден-соолугубуз өзүбүздүн гана колубузда экендигин белгилеп кеткибиз келет! Сиздердин  колдооңуздар менен биз азыркыдай – кырдаалга толук көзөмөлдөп турган абалга келдик. Сиздерге терең ыраазычылыгымды билдиремин. Бул ооруну сөзсүз жеңебиз. Биз менен биргеликте өзгөчө абалда бир жарым айдан ашык болдуңуздар. Өкмөт бул эпидемияга каршы күрөштө күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Медиктер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматчылары, чек ара кызматындагылар, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери күн-түн, дем алышсыз иштешти жана азыр да ден соолуктарын тобокелдикке салып, иштеп жатышат. Алардын баарына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алардын да мээнети кайтсын десеңиздер, сиздерден бир гана сураныч: үйдө отуруп бериңиздер,  эпидемиялык кырдаалга жараша медиктердин койгон талаптарын баарыбыз аткаралы”, - деп билдирди Премьер-министр.