- Сонунбүбү эже, президенттин ишин иштин көзүн таба албаган кызматкерлери артка тартып жатабы?

- Президентти алсыз, иш билбеген жетекчи катары көрсөткүсү келген Атамбаевден калган майда кагаз ташыгыч, эшик шыпыргычтар бар. Мына ошолор да билинбеген менен ишти артка тартат. Ошондой эле президент өз кадрын алып келгенге ашыкпаганын айынан да ушундай илең, салаң иштер орун алып жатат. Чынында бир адамдын колунан эч нерсе келбейт. Мамлекетти бир чоң команда бир адамдай ойлонуп, бир денедей кыймылдатып турса гана өнүгөт.

- Бир адамдай ойлонуп, бир адамдай иш кыла албасына көзүбүз жетти. Абалдан чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

- Кыргызда “болору болду, бойосу канды”- деп коёт. Иш таптакыр жылбай калды. Ушул кырдаалдан чыгыш үчүн тез аранын ичинде элдик өкмөт түзүп, эл арасындагы иштин көзүн билген кадрларды чогултушу зарыл. Ошондой эле Сооронбай Шарипович референдум өткөрүп, колу-бутту тушаган мыйзамдарды өзгөртүп, милдетти өз мойнуна алышы керек. Антпесе, кырдаал мындан да татаалдап, айласын таппай калган абалга кептелип калат.

-  Элдин жүгүн тарта албаган адамдарга ишеним артып отура берүү бийликке абийир алып келеби?

- Албетте, абийир алып келбейт. Азыркы шарт көп нерселерди кайра бир карап, этек-жеңди күбүп,  акыл калчап иш кыла турган мезгил экенин көрсөтүп  турат. Түшкө кирбеген “крутой” бурулуштарды жасай ала турган сергек адамдар бу сапар да өздөрүн болушунча көрсөтөт. Элди, президентти дагы бир жолу алдоону максат кылып, болгон аракетин жумшашат. Бирок, өлкөбүздүн гаранты  болгон президентибиз анча-мынча нерсеге алданбай, бирөөлөрдүн тилине кирбей, чечим чыгараарда олуттуу ойлонушу керек. Анткени, жүк президентке гана түшөт. Калганы бири-бирине шылтап кутулуп кете берет. Ошондуктан кааласа да, каалабаса да ушул кырдаалдан алып чыга ала турган кесипкөй инсандарды издеп таап, ишке тартышы керек. Болбосо эки жүздүү, өз пайдасынан башканы ойлоно албаган адамдар бийликтин бетине көө гана жаап, өз билгендерин кылып, жыйынтыгында бийликте отургандарды байкатпай түртүп чыгарып коюшат. Ошон үчүн кадрды акчасына, авторитетине  карап тандабай, кесипкөйлүгүнө карап тандашыбыз зарыл.

Арина Рысбаева