Жарандык активист Сыймык Жапыкеев чыныгы хит-киши болду. Анын коррупционерлерди ачыктоо “аракетин” колдогону да, колдобогону дагы бар. Мунун баарын “белгилүү бир саясий топтун шайлоо алдындагы буйрутмасы”- катары сыпаттагандар да чыгууда. Бул маселе тууралуу Самсаалы Четинбаев ой бөлүштү.

“Алабарманданып жатып жалпы хаоско белчеден батып кетпесек болду. Коррупция менен көчө күрөшпөйт, расмий органдар күрөш жүргүзөт. Алар өз милдетин так аткарбаса - анда шайлоо аркылуу таза бийлик келгенде реалдуу күрөшөт. Башка жол жок. Бирок азыркы ташбараң демилгеси жалпы келечек үчүн өтө коркунучтуу.

Мындай темп менен кете берсек, эртең Суракматов, Өмүркулов, Жапаров, Келдибеков, Турсунбеков деп башталат (уже айтылып баштады), аягы барып чектен чыккан өрткө айланат, эч ким токтото албай калат. Чачырап жок болобуз, мамлекет жок болот.

Шайлоо алдындагы саясий кызыкчылыктар үчүн келечекке балта чаппайлы. Элди митедей соргон коррупционерлер төрт доорго бөлүнөт: Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагындагылар жана азыркы убактагы чартаңбай тепкендер. Алардын 40-50 пайызы Акаевден бери сууга чөкпөй, отко күйбөй келе жаткандар. Анан ошолордун баарынын эмес, тандалып айтылышы шайлоо алдындагы коррупциялык топтордун тиреши, эл аны кеч түшүнөт. Укуктук жолдон эч качан чыкпайлы. Эртели кеч укук иштейт, эл жетилет, бийлик тазарат. Чыныгы коррупционерлер кеч болсо да жоопко тартылат!”- дейт Самсаалы Четинбаев.