“Буга чейин А.Акаевди “Кыргызстанга келем” десе биздин бийлик, эл каршы чыгып, келтирбей коюшкан. Эмнеге? Эми “Курманбек Бакиев келет” десе ызы-чууга түшүп, кээ бирөөлөр бул бололек фактыга караманча каршы болушууда. Урматтуулар, бизге акыйкаттын кереги жокпу? Чындык керек эмеспи? Келип, чындыгында 2010-жылы кандай болгонун айтып берсе, далай нерселер ачылат эле да...

Менин оюмча, эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, аны тосуп алууга 10-20 миңдеген колдоочулар келсе керек деп ойлойм. Себеби, кандуу 7-апрель окуясынан бери он жыл өттү, ошол он жыл ичинде кыргыз элибиздин көзү ачылды, көп нерсени түшүндү. Бирок, кээ бирөөлөр жок эле имишке так секиришип, түн уйкусу бөлүнүп жатат (аларды да түшүнсө болот, ичтеринде Атамбаев уулаган трайбалисттик сезимдер өчө элек).

Урматтуу эл-журт,

Курманбек Салиевич келсе, анын келгенинен эмнеге чочулашыбыз керек? Тескерисинче, акыйкатты билгибиз келсе, чыныгы күнөөкөрлөрдүн атын уккубуз келсе - ага мүмкүнчүлүк түзүп бербейлиби?!

Каргашалуу Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бакиевдерди 8 жыл тынымсыз жамандап келди, алардын айткан жомогунан эл тажап бүткөн.

Эми Бакевдердин да сөзүн угалы, ошондо акыйкат болот. Экинчиден, Курманбек Салиевич башкарган жылдары анча-мынча кемчилдикти кошпогондо, көз карандысыз башкарууга жеткенбиз, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чоң долбоорлор башталып, бюджет 17 миллиарддан 98 миллиардка эки жылда жеткен, 2010-жылы 124 миллиард болгон, сырткы карызды азайтып, өнүгүү жолуна түшүп баратканыбыз даана байкалган, аны баарыбыз билебиз. Кыргызстандын өнүгүшүн эч бир сырткы күчтөр каалабайт, ошондуктан чоң державалар көрө албаган, ичи тар өлкө саткындарын, трайбалисттик көз караштагы популисттерди пайдаланып, Кыргызстанды чаң тополоң кылып, 90го жакын мекендешибиздин канын төгүп төңкөрүш кылышты, бийликти алышты, бирок эмне өзгөрдү? Азыр бюджет 150 миллиард, инфляцияны кошкондо он жыл ичинде бир да өсүш болгон эмес.

2010-жылы Курманбек Салиевичке койгон талаптардын трайбалисттик төңкөрүштөн кийин кайсынысы аткарылды? Менимче бири да аткарылган жок, тескерисинче андан да өтүп кетти. Бир мисал - талаптардын бири “светтин наркы 1,50 тыйын болот экен, өз баасы 8 тыйын” деп кыйкырышкан, азыр канча? 2,64 тыйындан унчукпай төлөп жатасыңар го..

“Кумтөр улутташтырылыш керек”- деп кыйкырышкан, улутташтырылдыбы?

ЖОК, тескерисинче “Кумтөрдү” улутташтырылсын деген эл уулдары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдор камалып чыгышты, канча жарандарыбыз кордолду. Садыр ушул күнгө чейин түрмөдө жатат. Эл акыйкат, унутпайт.

Ошондуктан Улуу Кыргыз элим, тоноочулардын, мародёрлордун ж.б. сегиз жылдык кулакка куйган уу сөздөрүнөн кутулуп, акты ак, караны кара деп айталы. Көзүбүздү көрөалбастыктын майынан тазартып, трайбалисттиктин шамаланынан кутулсак ошондо гана акыйката жетебиз!”- деп “ФБдагы” баракчасына Шүкүрбек Эркебаев жазды.