Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгы милиция кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар жана тамак-аш менен толук камсыз болгонун кабарлады. Милиция мурдагы президенттин балдары жеке коргонуучу каражаттарды жана ысык тамакты өз калоосу менен чыккан элдик кошуундун өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга берилгенин белгиледи.
Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев посттордо турган жергиликтүү тургундарга, милиция кызматкерлерине жардам бергенин Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Булак: Азаттык