- Темирбек мырза, карантин бүтсө, бир канча убакытка чейин тойлорго уруксат берилбеси айтыла баштады. Бийлик бул аракети менен элди сарамжалдуулукка үйрөтүү аракетин жасап жатабы же той бербе деген маселени таңуулап жатабы?

- Элдин канчалаган жылдардан бери түптөлүп калган каада-салтын бийлик күч менен иреттеп чек коем деген чечимдерге барса, акыркы кадыр-баркын жоготот. Азыркы коомдогу шаан-шөкөт, кур намыска таянып бири бирине атаандашкан той-тополоңдун баарын элге бийликтин өкүлдөрү өздөрү үйрөткөн. Эми жаңыча жашоонун үлгүсүн, баалуулуктарын  көрсөтүүнү өздөрүнөн баштап, коомду туура жолго сала турган, элди маданияттуулукка үндөгөн иштерди да жасоодо үлгү болушса албетте жакшы болмок.   Анткени, атасын көрүп, баласы тарбияланат.

- Өкмөттүн да даярдап жаткан антикризистик программасынан маселе чечилет, элдин турмушу жеңилдейт деп ишеним артсак болобу?

- Аткаруу бийлигибиздин парламент аянтында берген жоопторун, күнүмдүк социалдык экономикалык маселелерди чечүү багытындагы сунуштарын, антикризистик программа десек туура эмес. Кыргызстан алгач эгемендүү өлкө болоордо СССР мамлекетинин пландаштыруу экономикалык саясатынан баш тартып, батыш өлкөлөрүнүн экономикалык стратегиясын кабыл алып, эркин соода негизиндеги, базар экономикасынын саясый программасын баштаганбыз. Азыркы күнү дүйнө деңгээлинде болуп жаткан оор макроэкономикалык кризистерге жана талаптарга туруштук бере турган, Кыргызстан мамлекетинин улуттук кызыкчылыгын коргогон, жаңы саясый экономикалык программасын иштеп чыгуу маселеси турат.

- Баса, 10 жыл мурун шайлоого барганыңызда  сизге ишеним арткандар да болгон, ошол эле маалда  сизди алдады деген топ да пайда болгон. Чындыгында  ким кимди алдады эле?

- Жалпы элдин ишенимине татыктуу болуу үчүн саясый туруктуулугуңдун, коомдук маданияттуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтө алсаң жыйынтык чыгат. Саясатчынын чыныгы жүзү, убакыт ченемдүү сыноо аркылуу билинет. 2010-жылдан бери партиябыздын, өзүмдүн туруктуу саясий принциптерим бар экенинин көпчүлүк адамдардын катмары байкай башташты. Ошондуктан, азыркы күнү бизге ишеним арткан, урмат-сый менен мамиле кылган адамдардын катмары өсүүдө. Биз ар дайым терең ойлонуп, саясий иш аткарууда мыйзам чегинде туура жүрүүгө аракет кылып жүрөбүз. Албетте, саясатта ар түрдүү күчтөр бар, аларга биздин саясый салмагыбыздын, коомдук таасирибиздин өсүшү жакпайт. Аргасыздан, ичи тардык кылышып айласы кеткенде, мындан 9-10 жыл мурун эски шайлоо тирешүүлөрүндө таратылган жасалма ушак макалаларды бизге каршы коомго кайрадан жарыялап жатышат. Тарбия чегинен чыгышып, менин жеке адамдык сапаттарыма да уялбай ыплас ушактарды таратууга өтүштү. Чынын айтсам, азыр кыргыз эли “айранды үйлөп ичип калышкан”, бизди каралайбыз деп жатышып, кайра өздөрүнүн ыймансыз жүздөрүн элге көрсөтүп атышат. Мен Москвадан келип, жаңы саясатка аттанганда эл тааныбай, жалган айтылган саясый ушактарга көпчүлүгү ишенген. “Путин жибериптир”, “Акаев жибериптир”, “анын кызы 3 миллион доллар бериптир”, “кыргызча сүйлөгөндү билбейт экен”- деген ар түрдүү ушактарды таратышкан. Азыр 10 жылдан бери коомчулук “Мекен-Ынтымагы " партиясын, Темирбек Асанбековду жакшы билип таанып калышты. Ошондуктан, бул ушактарга көңүл буруунун кажети жок экенин элибиз жакшы түшүнөт.

- Маселе эмнеден жаралды эле? Азыр ал топ менен мамилеңизди түздөп алдыңыз беле?

- Саясатта ар ким өзүнүн түшүнүгү, билими, тарбия деңгээлине жараша максат коюп шайлоого аттанат. Чыныгы саясый партиянын түптөлүүсүнө да убакыт талап кылынат экен. Алгач саясатка аттанган мезгилимде, өзүм сыртта көп жыл жашап жүрүп Кыргызстанда эч кимди тааныбагандыктан, мекенчилдик сөздөрдү бакылдап сүйлөгөн адамдарга ишеним көрсөтүп, партиянын иштерин баштоого мажбур болгом. Адамдын ким экенин, турмуштун ысык суугун бирге башыңан өткөргөндө билет экенсиң. Шайлоо бүтөөр менен көпчүлүгү өзүнүн жеке көздөгөн көр оокат маселесин талап кылып, мага таарынычтарын милдет кыла башташты. Өзүм, чет өлкөдө темселеп жүрүп тапкан миллиондогон каражатымды республикалык деңгээлдеги шайлоо сыноосуна коротуп, келечекте партияны сактап калууну ойлоп жатсам, ар кимиси өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп гана шайлоого аралашкандары билинип калды. Мына ушул маселе партиянын ичинде түшүнбөстүктөрдү жаратып, жеке маселесин көздөгөн адамдар коом арасында жалган маалыматтарды таратышып, мени каралоо аракеттерин жасашты. Бирок мен аларга таарыныч кармабадым. Турмуш азабынан кыйналышып, өздөрүнүн  адамдык сапаттарын тебелешип, амалдуу ыкмаларга мажбур болуп жаткандарын көрүп боорум ооруду. Алар мени алдады деп да айта албайм, турмуш азабынан кысталган жердештерим ошол саясий кырдаалды жана менин акча каражаттарымды колдонуп, көр оокаттык маселелерин чечүүгө аракет кылышкан. Мен алардын үмүтүн актабай койгондугум үчүн ызаланышып, кызуу кандуулукка алдырып жиберишти. Албетте, баарын убакыт өз ордуна коёт дегендей  өзүм эч кимисин каралабай, сын такпай татыктуу, сабырдуу жүрүүгө аракет кылдым. Азыркы күнү көпчүлүгү менен мамилем түз, капыстан жолугуп калсам жылуу саламдашууга аракет кылам. Таарынган, ушактарга ишенген адамдар да бар, бул маселе да эртели кеч чечилээрине көзүм жетип турат. Эң негизгиси саясый жетекчилик милдетимди , жоопкерчилигимди моюнума алып, баарысы менен тил табышууга аракет кылам. Анткени, менин башка элим жок, жаман жакшысына карабай туура мамиле кылып тарбияласам, кыргыз элибиздин ынтымагы күчөп, эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу мамлекетибизди биргелешип түптөйбүз.

Арина Рысбаева