Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин ушу тапта бул кызматты жетектеп турган Замирбек Аскаровго жасаган кайрылуу-катын толук сунуштайбыз:.
“Урматтуу ӨКМ министри!
Сиздин кечээги ЖК отурумундагы сүйлөгөн сөзүңүздү угуп, мен мурунку ӨКМ министри катары өтө капа болдум жана министрликтин жумушун аткара албай жатканыңызга өкүндүм. Себеби, сиздин туура чечим кабыл алганыңыз жана жеке өзүңүздүн жаныңызды аябастан тобокелге салып жасаган аракетиңизден адамдардын өмүрү жана коопсуздугу сакталат.
А сиз айтып жатасыз: “6-майда Жогорку Кеңеш чакырганынан Лейлекке барбай калдым”- деп... Бул эмне деген гана жоопкерсиздик, кайдыгерлик! Себеби, Лейлекте сел 1-майда болду, ушул убакыт аралыгында (1-майдан 6-майга чейин) Бишкекке 2 жолу келип кетсеңиз болмок. Анан да билбесеңиз айтып коеюн, эгерде мамлекетибиздин кайсыл бир жеринде өзгөчө кырдаал түзүлүп калса жана ошол убакта сизди президент, премьер-министр же ЖК чакырып калса, анда аларга барбастан туруп - биринчи кезекте жабыр тарткан элге барууга милдеттүүсүз. Өзгөчө кырдаал болгон жерден туруп президентке жана өкмөт башчысына түзүлгөн абал жөнүндө кыскача маалымат берип, жеринде керектүү иш-чараларды уюштурууга милдеттүүсүз.! Бардык түзүлгөн абалга орун басарыңыз эмес, министр түз жоопкерчиликти өз моюунуна алышы керек!
Бир окуяга кайрылып кетейин. 2008-жылы 6-октябрда Алай районунун Нура айылында күчү 6,8 баллга жеткен жер титиреди, түнкү саат 2лерде маалыматты алдык, бирок кыйроолордун мынчалык чоң масштабда экенин биле элекпиз. Эрте менен саат 7.30да 20 куткаруучуну салып алып, мен вертолёт менен учуп кеттим. Нура айылына жеткенимде президент байланышка чыкты, менде спутник байланышуу аппаратым жанымда эле, анан эле уруша баштады: “тез жөнөгүлө, жардамды уюштургула”- деп, а мен: “мен ушул жердемин, жумушту баштадык”- деген жооп айттым. Президент дагы урушту: “Сен каякта жүрөсүң, мен Нура жөнүндө айтып жатам”- деп, а мен дагы айттым: “урматтуу Президент, мен Нурадамын”- десем, өтө таң калды: “Сен кантип барып калдың?”- деп. Анан ошондо президент айтты: “эмне кылыш керек?”- деп, “менде бир эле вертолетум бар, а бул жерде жарадар болгон тирүү 200гө жакын адамдар бар экен, ошолорду Ошко ташыш керек, мага аскердик вертолетторду колдонууга уруксат бериңиз”- дедим. Президент: “вертолет канча саатта жетет экен?”- деди, “2–2,5 саатта”- десем, мамлекет башчысы: “3 саатан кийин тосуп ал жана колдон келген бардык нерселерди аябастан адамдарга камкордукту көргүн!”- деп тапшырма берди. Ал убакта Ош-Иркештам жолу бүтө элек болчу жана эгерде жарадар адамдарды машина менен 11-12 саатта Ошко ташысак көпчүлүгүн жоготуп алмакпыз. 3 саатан кийин аскердик үч учак келди, ошондо ӨКМ министрлигинин вертолету 3 рейс, ал эми аскердик учактар 2ден рейс жасашты жана бардык жарадар болгон адамдарды Ошко ооруканага жеткирдик. Ошондо да бир 15 жашар кызыбыз ооруканада көз жумду, убакыттан утулуп, үлгүрбөй калдым...
Урматтуу министр!
Мен буларды эмнеге айттым?
Себеби, ӨКМ бул өтө жооптуу, кооптуу жана жабыркаган адамдар үмүт менен күткөн, өмүр менен өлүмдүн, кайгы менен үмүттүн отун жандыра турган мамлекеттик кызмат!
Эгерде ушул милдеттерди түшүнө билсеңиз, кечээки Лейлек, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондорундагы жабыркаган элге жеке министр катары барып элдин көңүлүн, духун көтөрүп, элге жардам бере албай калганыңыз үчүн жоопкерчиликке тартылышыңыз керек жана ыктыярдуу отставкага кетиңиз, ошондо адам катары өз абийириңизди сактап каласыз!
Ал эми бул окуя кийинки келе турган министрге сабак болуш керек!
Кайран мамлекеттик бийлик, кайран эл...
ӨКМдин мурдагы министри,
генерал-майор К.Ташиев".
07.05.2020.