Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын сунушунун негизинде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган. Ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.

«Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт. Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде