Бирок сот башталбай жатып дагы кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, сот Атамбаевдин келбей калганын жүйө келтирген.

«Соттук отурум 11-майга калтырылды. Судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин келбей калганын себеп катары карманууда. Атамбаев өзү катыша албаса да, сот процессин өткөрүлүшүнө макулдугун билдирген кат берген. Ага карабай, сот ушундай чечимдерди кабыл алып жатат, » — деди Жолдубаева.

Белгилей кетсек, буга чейин соттолуучулардын бири, мурдагы президент, УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Атамбаев бир нече отурумга барбагандыктан жараяндар улам башка күнгө калтырылып келген. 29-апрелдеги отурамга ал УКМКнын эки медицина кызматкеринин коштоосунда келди.

Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Булак: Элгезит