Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев кечээ маалымат каражаттарына берген маегинде билдирген.

Бүгүн, 6-майда 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум белгиленген.

— Атамбаев сот процессине катыша аларын айткан жок. Күн сайын эртең менен ал кишинин кан басымы кескин түшүп кетип жатат. Эгер бүгүн да абалы ушундай болсо, анда сотко келбей калышы мүмкүн, — дейт адвокат.

Алмазбек Атамбаевге ондон ашык оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын бири — “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди абактан бошотуу жана дагы бири Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши.

Булак: Маралфм