- Бишкек шаарынын виц-мэри Татьяна Кузнецова “эгерде 11-майдан баштап өзгөчө абал алына турган болсо, биз шаарды жабууну ойлонуп жатабыз. Башка аймактардан келгендер коронавируска тесттен өткөнүн тастыктаган справка көрсөтүшү керек болот”- деген оюн айткандан бери эл ичинде дүрбөлөң. Мындан тышкары, коронавирустун очогу болгон аймактардагы элди тегиз тесттен өткөзүү демилгеси дагы айтылып жатат. Азыр “Бонецкий” лабораториясы бир тесттен өтүүнү 2 миң сомго баалап жатат. Ансыз да араң жан багып жаткан эл үчүн бул сумма оголе көп эмеспи? Деги эле тестти жарандар өз чөнтөгүнөн төлөшү керекпи?

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын төрагасы:

“Араң турган эл жарылып кетет”

- Албетте жок, араң турган эл жарылып кетет. Мүмкүнчүлүктөрү бар социалдык катмарлар өз каалоолору менен тест тапшырып, текшерүүдөн өтүшсүн. Муктаж болгондорго мамлекет тарабынан жардам беребиз дешсе, балким ошондо карапайым эл туура кабыл алаар.

Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер:

“Бул аракет түп-тамырынан туура эмес”

- Жок, бул аракет түп-тамырынан туура эмес. Бул аракет (эгер чындап эле ушундай аракет көрүлүп атса) мыйзамга да каршы келет. Адам өз эрки, каалоосу менен тест тапшырышы керек, болбосо андайга жол берилбейт. Көпчүлүк эл тамак-ашын эптеп таап жеп атканда кайдагы нерсени айтып атышканы түшүнүксүз.

 Төрөбай Колубаев, саясатчы:

“Чоң ызы-чууга алып барышы мүмкүн”

- Бул саясат албетте, туура эмес. Бул биздин бийликтин, өкмөттүн алсыздыгын билгизип турат. Мындай саясаттын арты чоң ызы-чууга, керек болсо үчүнчү революцияга алып барышы мүмкүн. Өз жанын араң багып жаткан учурда кыргыз эли мындай кордукка  чыдабайт. Катуу талап кылса, маселе жарылып кетиши ыктымал.

Арина Рысбаева