- Ташболот мырза, блок посттон өтүүнү каалагандар коронавирустун бар-жоктугун аныктаган тест тапшырып, аныктамасын көрсөтүү зарылдыгы айтыла баштады. Бул туура эле аракетпи же элдин шартын эске албагандыкпы?

- Албетте, туура эмес. Бийлик элге мактанбады беле – “бизге вируска байланыштуу миллиондогон доллар жардамдар келип жатат”- деп. Ошолордун эсебинен вируска  байланыштуу бардык анализдер бекер болуш керек. Жеке менчик лабораторияларга эл эмес, өкмөт төлөп берсин. Бул нерсеге эмнеге президент менен парламент унчукпай отурганына таңгалып жатам. Эл эки айдан бери акча таппай араң жашап жатса ушундай сунуштар менен чыгып жаткан чиновниктердин барынан жогу!

- Токтомду да башкалардан көчүрүп алган  өкмөт мамлекетти кризистен чыгара алабы?

- Бул өкмөттүн мамлекетти кризистен чыгара турган чамасы жок. Тескерисинче, булардын колунан  кризиске батыргандан башка нерсе келбейт. Бул жагынан Эдил  Байсалов менен Равшан Жээнбековдун билдирүүлөрү туурабы деп ойлойм. Өкмөттү түп тамырынан жаңылап, чечкиндүү кадамдарга барбаса, парламент менен президентке да чоң доо кетиши мүмкүн. Күтүлүп жаткан экономикалык, социалдык кризис саясий кризиске алып келиши толук мүмкүн.

Арина Рысбаева