- Төлөгөн мырза, кечээ Конституциянын кабыл алган күнүн белгиледик. Мамлекетти кайсыл Конституция өргө сүйрөдү? Кайсы конституциянын зыянын тарттык?

- Конституция кабыл алынгандан бери өлкө башына келген адамдар тарабынан президент, Жогорку Кеңеш, өкмөттүн ыйгарым уктары каралган бөлүмдөрү, беренелери гана өзгөртүлүп келди, калган бөлүгү өзгөргөн деле жок. Биз Конституциядан эмес, адилетсиз президент болгон адамдардан жана коррупцияга жакын жакындарынан, үй-бүлөсүнөн зыян тарттык. Кеткен президенттин тагдырынан кийинки келген президенттер сабак алган жок.

- Мүмкүн, башкаруунун түрүн эл тандаганда мындай маселелер жаралбайт чыгаар?

- Башкаруунун түрүн эл тандай албайт, ушул күнгө чейин башкаруунун модели Ак үй тараптан чечилип келген. Азыркыдай аралашма кылбай, толук кандуу парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Антпесек, мурдагы президенттердин мезгилиндеги жагымсыз жагдайлар жарала берет.

- Жогорку Кеңештин азыркы курамына нааразы болгондор четтен табылат. Мөөнөтүнөн мурда таркатуу идеясын колдойт белеңиз?

- Жогорку Кеңеш азыркы кырдаалда мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеш керек, каралып жаткан мыйзам долбоорлорун кабыл алышы зарыл. Алардын арасында өлкө башчысы кол коюшкан эл аралык келишимдер бар, Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялоо иштери турат. Эгер азыр таркап кете турган болсо, кайра шайлоо өткөрүлөт. Ошон үчүн мындай кырдаалда парламенттин тарап кетүүсүнө негиз жок. Мөөнөтү бүткөндө кетиши керек, ага аз эле убакыт калды.

- “Коронавируска сомдук тест тапшырбагандар борбор шаарга киргизилбейт”- деген маселе жаралды. Андай тесттен өтүш үчүн 2 миң сом төлөшүң керек. Мындай каражатты элдин баары эле таба алаабы?

- Чынын айтканда, элдин жашоосу начарлады. Эл  жумушсуздуктан, күнүмдүк тамак-ашты кантип табабыз деген ой менен жашап калды. Ар бир жарандан тест алуу мамлекеттик маанидеги иш болгондуктан, бул нерсе мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылышы керек. Анткени, 2000 сомго тест тапшыруу көпчүлүк жарандарга оордук кылат. Ар ким өз эсебинен тест тапшыруу иши кырдаалдан чыгуунун жолу деп эсептесек адашабыз. Эпидемиялык кырдаалдан чыгуунун жолу катары тест тапшыруу керек десек,  Түштүк Кореянын тажрыйбасын колдонсок туура болот. Ал өлкөдө тест тапшыруу бекер жана каалаган жерден  тапшыра аласың. Биздин бийлик да ошондой шарт түзүп койсо, илдетти аныктаганга жана арылганга жакшы жардам болмок.

Арина Рысбаева