- Төрөбай мырза, эмне үчүн кооптуу аймактарда иштегендерине карабай милиция кызматкерлерине кошумча каражат берилген жок?
- Мүмкүн, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев премьер-министр: “бюджетте акча жок”- деп кейисе: “милиционерлер акча албайт. Аларга абалды мен өзүм түшүндүрүп коём”- деп койгондур. Ошон үчүн “милиция кызматкерлери кошумча каражаттан баш тартты”- деп акча бербестин амалын кылып жатышкандыр деп ойлойм. Чынында кошумча каражат милиционерлерге эле эмес, 12 саат иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге да төлөнүшү керек.
- Өкмөттүн антикризистик программасы элдин турмушун оңдойт, жакырчылыктан арылтат деп ишенсек болобу?
- Негизи бул өкмөт өзү ишин эптей албай жатып, анан кантип антикризистик программасы менен элдин турмушун жакшыртмак эле. Булар кырдаалды оорлотсо оорлотот, бирок, абалдан чыгара албайт. Тагыраагы, мурунку өкмөттөн алган эстафетаны улантып жатышат. Иштегендей көрүнүшкөнү менен ишинен майнап чыгара алышпай жатат.
- Баса, Россияда жарандык алуу жеңилдегени байма-бай айтылып жатат. Путин эмнеге абал оорлоп баратканда жарандык берүүнү жеңилдете баштады?
- Чынында бекер сыр капканда гана болот. Ошондуктан, алар жарандык алууну жеңилдетиптир деп сүйүнбөшүбүз керек. Бул маселенин аркасында алардын кызыкчылыгы турган чоң саясат бар. Тагыраагы, алар жарандыкты берүүнү жеңилдетип, келечекте СССР мезгилиндегидей чоң державаны куруп, бизди курамына киргизип, башкаргысы келип жатат. Ошон үчүн Путин чоң держава куруп, бирдиктүү каражат чыгаруу маселесин көтөрө баштады деп ойлойм.
Арина Рысбаева