- Самсаалы мырза, Равшан Жээнбековго үй бүлөсүнө, адвокатына карантиндин учурунда жолугууга тыюу салынганын, мындай ыкма менен адам укугу корголбосун айтып чыкты. Бирок,  Жаза аткаруу кызматы бул сөздү жокко чыгарды. Кимисине ишенсек болот?

- Ар бийликтин тушунда ушундай “бөрк ал десе баш алган” аша чапма желдеттер болот. Бул көрүнүш ошолордун иши. Жеткен акмакчылык бул. Эки качып кеткен президенттердин да түбүнө ушундайлар жеткен. Жогору жактан “кой, ай” деген бирөө болбосо булар Сороонбай Жээнбеков башында турган бийликтин да түбүнө жетет. Ичтен чыккан душмандар ушулар. Кылтыйып жаңы келген бийликтин ичине кирип алып, акмакчылык ишин кыла берет. Ал эми Равшан Жээнбеков жөнүндө айта турган болсок - ал кыргыздын саналуу бычакка сап болчу жигиттеринин бири. Бир канча жолу депутат болгон, министр болгон билими терең жигит. Ал адамга андай акмакчылык мамиле кылган жеткен түркөйлүк. Наадандык. Мен Равшан Жээнбековдун күнөөлүү экенине такыр ишенбейм. Күч органдарынын “бөрк ал десе баш алган” арам саясаты бул. Ал адам мыйзам бузчу жигит эмес. Жаман ойлорунда аны сындырабыз деп ойлошуп атат окшойт. Бирок, алар чоң жаңылышат. Ал анча мынчага сынчу жигит эмес. Курчушу гана мүмкүн, эзели мокобойт. Мен бул сөздөрдү баса белгилеп айта алам. Оор күндө так ошондой жигиттер ишке жарамак азыр. Ал дүйнөлүк саясатты калчап, жиликтей ала турган кыргыздын жигити. Кайдан кырсык, кыйынчылык келе жатканын да көрө алат болчу. Азыркы өкмөттөгүлөрдү көрүп атабыз го. Көпчүлүгү эптеп септеп кадрлар. Анан ушундай маалда ага жанагындай мамиле кылышканы жеткен келесоолук. Акыл эси оордунда адам андай мамилени эч кимге кылбайт. Бул күндөр да өтөт. Ушинтип тура бербейт, ал жагын да унутпашыбыз керек. Өмүр бою бийликте калам дегендер эмне болгонун көрдүк го. Ошондуктан бул маселени президент өзү көзөмөлгө алып, калыс карап коюшу керек.

- Коронавирус жугат деп адвокаттарды жолуктурбаса болот. А эмнеге сотту токтотуп тура алышпайт?

- Бул суроого соо адам жооп табышы кыйын... Логикага сыйбаган көрүнүш. Чамасы коронавирустун айынан түзүлгөн башаламан жагдайдан пайдаланып, күч түзүмдөрү ушинтип өз билгенин жасап атышат окшойт. Кантип “вирус жугат”- деп айыпталуучу менен адвокатын жолуктурбайт да анан кайра сот иши улана берет? Акылга сыйбаган акмакчылык бул. Кандай убакыт болбосун соттор да, күч түзүмдөрү да калыстыктан тайбашы керек болчу. Өтө уят көрүнүш бул. Дагы айтам, бул күндөр да өтөт. Кыргыздар ынтымакка, калыстыкка келишибиз керек. Антпесек өнүкпөйбүз.

- Каныбек Осмоналиев коюлуп жаткан айыптарга макул эмес. Бирок, аны дагы эки айга камоо чечеми чыкты. Чын эле ал митингде оор берене менен айыптала тургандай  иш кылды беле?

- Мен ал митингди түз эфирден баш аягына чейин көрүп турдум. Аягында провокация болгону ырас. Бирок, ал провокацияны Каныбек Осмоналиев кылган жок да. Провокацияны башка бирөөлөр жасады. Ал кишини камап салбай үй камагына кармап деле тергөө иштерин жүргүзө берсе болот. Жашы да бир топко барып калды. Гумандуулук болуш керек да. Бир жагынан азыр мусулмандардын ыйык Орозо айын эске алышса болмок.

Арина Рысбаева