30-апрелде жарыяланган кайрылууда карантин эрежелерине карабастан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков колонияга которулуп, анын коопсуздугуна коркунуч жаралганы үчүн, Кой-Таш окуясы боюнча сот шашылыш улана баштаганы үчүн жана ачык сын айткан депутат Рыскелди Момбековду каралоо үчүн жоопкерчилик азыркы бийликте экени айтылат.

Анда ошондой эле бийлик «Апрель ыңкылабынын айрым катышуучуларын пайдаланып «Айкөл Ала-Тоо», «Эр теги» уюмдарынын ортосуна ажырым салганы», «күчтүү жана позициясын бекем карманган мүчөлөрүн ыплас ыкма менен каралоо аркылуу КСДПны бөлүп-жарууга» аракет кылып жатканы белгиленди.

Партия депутат Курманкул Зулушевдин Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгесин азыркы бийликтин «жеке режимин сактап калуу» аракети деп баалады.

Президенттик аппарат бул билдирүүгө байланыштуу комментарий бере элек.

Булак: Элгезит